Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Манас дүйнөсүн улуттук идеология жана руханий байлыктын булагы катары өнүктүрүү, ошондой эле айтыш, дастан жана кичи кыргыз эпосторун жаңы деңгээлге чыгаруу максатында “Манас” борборунун курулушу башталды. Бул тууралуу Улуттук “Манас” театрынын директору Нурбек Талантбеков “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, курулуш аянты 2 гектарды түзөт. Бул жер мурда Манас айылынын аймагына кирген, азыр болсо “Манас” театрынын балансында турат.

Долбоорго ылайык, үч кабаттуу көп функционалдуу комплекс курулат:
- биринчи кабатта 500 орундуу заманбап банкет залы, ашкана жана техникалык кызматкерлер үчүн бардык шарттары бар бөлмөлөр жайгашат;
- экинчи кабатта 1300 орундуу чоң концерттик зал, ошондой эле чыгармачыл адамдар даярдануучу атайын бөлмөлөр каралган;
- үчүнчү кабатта улуу эпоско арналган көргөзмө музейи орун алып, борбордун туруктуу жана натыйжалуу иштөөсүн камсыздайт.
“Бул Манаска байланышкан бардык маселелерди өзүнө алган борбор болот. Учурда Манас боюнча китеп чыгаруу же иллюстрацияларды түзүүгө көзөмөл жетишсиз. Бул борбор ошол иштерди жөнгө салып, манас таануу тармагындагы мыкты идеяларды колдоп, ишке ашырууга жардам берет. Бүгүн руханий булак жана өзөк боло турган маанилүү долбоордун курулушу башталды”, — деди ал.
“Манас” борборунун ачылышы “Манас” эпосунун күнүнө 2026-жылдын 4-декабрында пландалууда.