Бишкек, 05.08.26 /Кабар/. Кыргызстанда кыргыз тилиндеги балдар контентин өнүктүрүүгө багытталган жаңы демилгелер ишке ашырылууда. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев билдирди.
Анын айтымында “Нуркидс” компаниясы тили жаңыдан чыгып жаткан балдарга ылайыкталган кыргыз контентин жаратып, жалпы коомчулукка сунуштайт.
“Нуркидс” платформасы биздин жалпы эле билим берүү тармагындагы эң алгачкы баскыч – мектепке чейинки билим берүү уюмдарына өтө керектүү курал деп эсептейм. Андыктан, бүгүнкү бет ачар биз үчүн кубанычтуу окуя болуп жатат. Себеби, биздин мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө чоң салым кошулууда.
Ошондой эле Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча комиссия мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын алкагында иштерди алып барып жатабыз. Быйыл дагы 2026-28-жылдарга карата жаңы программа бекитилди. Ал жерде балдарга арналган контентти көбөйтүү жаатында бир нече багытта иш-чаралар камтылган. Ошол эле мультфильмдерди тартуу, чет тилдегилерин кыргыз тилине которуу, балдарга арналган атайын роликтер, иллюстрацияланган, түстүү заманбап китептер, балдар энциклопедиялары өндүү эмгектер бар.
Мындай иштер буга чейин дагы жасалып келген. Бирок, маселе каражатка келип такалчу. 2025-жылга чейинки программалардын бюджети бир аз чаканыраак болсо, жаңы программага бөлүнгөн каражат үч эсе көбөйдү. Эми контенттер көбөйөт деп турабыз.
Бала бакчаларга ылайыкталган 5 миңдей нускадагы китептер каралууда. Видеороликтердин саны дагы көбөйөт. Мультфильмдерге 35 млн сом каралууда. Ага толук метраждуу 5-6 мультфильм тартса болот деп болжолдоп жатабыз”,-деди Мураталиев.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарында балдардын алгачкы “Нуркидс” онлайн-платформасынын бет ачары болуп өттү. Аталган платформа кыргыз тилиндеги контенттерди сунуштайт. Аны балдар, ата-энелер, бала бакчалар жана мектептер колдоно алышат.