Күн мурун президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча айрым конституциялык мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу конституциялык мыйзамга кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
“Кабар” агенттигине Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев билдиргендей, конституциялык мыйзам “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамга айрым конституциялык мыйзамдарды шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан. Документтер мамлекеттик тилди билүү талаптары менен толукталды.

“Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамда талаптар кандай каралса, ага тиешеси бар башка мыйзамдар да ошол талаптар менен толукталды. Президент Садыр Жапаров кечээ мыйзамга кол койду. Эми мыйзам он күндөн кийин күчүнө кирет. Мисалы, бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик тилди билүүсү талап. Ал кандай деңгээлдерди билиши керек дегенде, атайын токтомдор менен бекитилген. Ушул жылдын январь айында министрлер кабинетинин токтому чыккан. Анда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ордуна жараша талаптары аныкталган. Муну менен мамлекеттик тил боюнча саясат жүргүзүүдө укуктук база негизинен чыңдалды десек болот. Эми ошол мыйзамдардын аткарлышын көзөмөлдөп, талап кылуу керек”, - деди ал.
Документте Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин төрагасы жана министрлер кабинетинин башка мүчөлөрү, Улуттук банктын кызматкерлери, соттор, прокурорлор мамлекеттик тилди билүүсү боюнча талаптар камтылган.

Мелис Мураталиев белгилегендей, Жогорку Кеңештин депутаты мамлекеттик тилди билүүсү керек деген ченем 2023-жылы Жогорку Кеңеш кабыл алынган мыйзамда да көрсөтүлгөн. Бул мыйзамда да ушул талап калтырылып, депутатка талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсү зарыл экендиги көрсөтүлдү.
“Мыйзам Жогорку Кеңеште талкууланып жатканда кээ бир депутаттар туура көрбөй, пикирлерин билдиришти. Бирок аягында баарын түшүндүрүп, жүйөөсүн келтирип, конституциялык мыйзам менен аракеттеги мыйзамдын ылайык келиши тууралуу айткандай кийин мыйзам долбоорун колдоп беришти. “Кыргыз тест” мамлекеттик мекемеси дүйнөлүк стандарт боюнча, тилди билүү деңгээлдерине ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматка барам деген талапкерлер кызматка барардын алдында тесттен өтүп, өттү деген күбөлүгүн алат. Мамлекеттик кызматка алып жатканда атайын талаптар болот да, жогорку билими, диплому болушу керек дегендей. Ошол сыяктуу эле мамлекеттик тилди билүү талабын “Кыргыз тесттен” өткөн күбөлүгү тастыктайт”, - дейт Мелис Мураталиев.
Ошондой эле мыйзамда жарнаманын мамлекеттик тилде даярдалган тексти тил жөнүндө мыйзамдардын талаптарына жана орфографиялык эрежелерге ылайык келиши үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен макулдашууга тийиш экендиги айтылат.
“Жарнама берүүчү жарнаманын текстинин тууралыгын тастыкташ үчүн биздин комиссиядан макулдашуудан өтүшү керек эле. Биз бул процедураны жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тапшырдык. Себеби, биз бир эле мекемебиз. Кыргызстан боюнча кайсы гана облус-райондогу жарнама берүүчү болбосун мыйзам боюнча бизге текстти макулдашууга жөнөтүшү керек. Мисалы, Баткен, Ат-Башы, Түп, Таластан бирөө жарнама берсе кайрылыш керек эле. Анан көп учурда бизге жетпейт, бизге Бишкектегилердин баары эмес, мыйзамды бузбай, мыйзамдын чегинде иштейм деген ишкерлер кайрылып турчу. Ошол эле учурда баарына комиссия жетише албайбыз да. Эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы тил адистери ушул иштерди жүргүзөт”, - деп белгиледи ал.
Мындан тышкары Мелис Мураталиев мыйзамда сот өндүрүш иштери мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү зарыл деген талап коюлганын айтты. Мыйзамда каралган кээ бир өзгөчөлүктөргө жараша, мыйзам жол берген учурда расмий тилди да колдонсо болот деген да киргизилди.
Ал эми бала бакчаларда, мектептерде, ЖОЖдордо кыргыз тили окутуунун жана тарбиялоонун негизги тили мамлекеттик тил болушу керектиги белгиленди.

Керектөөчүлөрдү тейлөө чөйрөсүндө болсо, аудиовизуалдык, музыкалык жана башка программалардын 60 пайызы мамлекеттик тилде болушу кажет деп айтылат.
“Тамактануу жайларында, вокзал, аэропорт, Мамлекеттик каттоо кызматтарында, ири соода борборлорунда жана башка калкты тейлөө чөйрөсүнө тиешелүү жерлерде музыка угулат же көрнөктөр жазылып турат. Ошол аудиовизуалдык, музыкалык жана башка программалардын 60 пайызы мамлекеттик тилде болушу керек. Бул жаңы киргизилди”, - дейт тил комиссиясынын төрагасы.

Мелис Мураталиевдин пикиринде, тил мыйзамынын аткарылбагандыгы же бузулгандыгы боюнча Укук бузуулар кодексине чара көрүү киргизилди. Эгер мыйзам аткарылбаса же бузулса юридикалык жактарга эскертүү берилет. Экинчи ирет кайталанса, 17 миң сом өлчөмүндө айып салынат.
“Мыйзам долбоорунун алкагында, тил мыйзамынын аткарылбагандыгы же бузулгандыгы боюнча Укук бузуулар кодексине жаңы беренени сунуштадык. Буга чейин тил мыйзамынын аткарылбагандыгы же бузулгандыгы боюнча чара көрүү маселеси кодексте каралган эмес. Мисалы, эгер мамлекеттик тилди билбеген адамды кызматка алып койсо, ал адамга айып салынбайт, ошол мекеменин жетекчиси айыпка жыгылат. Анткени ал мыйзамды бузду. Бул чара жеке адамдарга тиешеси жок. Маселе акчада эмес. Бул кантсе да административдик чара да, бир эле мыйзамды бузса, эскертүү берилгендигинин өзү дагы мыйзамды аткарбайт деген сөз. Биринчи эскертүү берилет. Эскертүү протокол менен түзүлөт. Анда маселенин оңолушу талап кыланат. Эгер ошол оңдолбосо же эскертүү алып туруп кайра кайталай берсе анда экинчисинде айып салынат. Юридикалык жактарга 17 миң сом өлчөмүндө айып салынат. Жыл ичинде ушундай бузуулар кайталанса, ошондо гана айып салынат. Жарандарга кайрыла кетейин, Кыргызстан эгемендүү мамлекет болуп, дүйнөдө өз ордун ээлеген. Мындан ары өз алдынчалуулугубузду сактоо үчүн, анын ичинде эркиндигибиз менен тең катар турган өзүбүздүн уңгубузду жоготпой тилибизди өнүктүрүшүбүз керек, сүйлөп, пайдаланышыбыз зарыл, жазышыбыз керек”, - деп баса белгиледи ал.