Бишкек, 03.07.25. /Кабар/. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары алмашты.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, Баймурзаев Темирлан Арапбаевич Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары кызмат ордунан бошотулуп, анын ордуна Абдикахаров Бекзат Абдикахарович дайындалды.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.