Мамлекеттик иш-чараларды “Кыргыз маданият сервис” ишканасы камсыздап жатат – министр

Маданият Жүктөлүүдө... 14 Июль 2026 18:30
WhatsApp Image 2026-07-14 at 18.22.13.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-14 at 18.22.15 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-14 at 18.22.15.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-14 at 18.22.14 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-14 at 18.22.14.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-14 at 18.22.13 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-07-14 at 18.22.13.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-14 at 18.22.15 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-14 at 18.22.15.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-14 at 18.22.14 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-14 at 18.22.14.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-14 at 18.22.13 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 14.07.26 /Кабар/. Мамлекеттик иш-чараларды “Кыргыз маданият сервис” ишканасы камсыздап жатат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында ЖМК өкүлдөрүнө билдирди.

Министрдин айтымында, ведомствого караштуу “Кыргыз маданият сервис” мамлекеттик ишканасы өлкөдөгү мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларды техникалык жактан камсыздап келет. Ишкана концерттик сахналарды, LED-экрандарды, үн жана жарык жабдууларын орнотуп, алардын үзгүлтүксүз иштешин камсыздайт.

“Ошондой эле бардык техникалык жабдууларды оңдоо, тейлөө жана ишке даярдоо ушул ишкананын адистери тарабынан жүргүзүлөт.
Өткөн жылдары сатылып алынган концерттик жабдуулар бүгүнкү күндө мамлекеттик маанидеги бардык иш-чараларда колдонулууда. Алардын бардыгы бул ишкананын балансында турат. Мурда чыгым менен иштеп келген ишкана азыр бардык карыздарын жаап, киреше алып келе баштады”, — деди Мирбек Мамбеталиев.

Министр белгилегендей, ишкананын балансында 51 орундуу үч автобус, 37 орундуу 18 автобус жана 18 кичи автобус бар. Бул транспорттор маданият кызматкерлерин жана чыгармачыл жамааттарды ташуу үчүн пайдаланылат.

“Мындан тышкары, быйыл министрлик 10 миң көрүүчүгө ылайыкташкан мобилдик трибуналарды сатып алууну пландап жатат. Бул жабдуулар келечекте Кыргызстандын каалаган аймагында көчмө концерттерди жана ири маданий иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУнун алкагындагы иш-чараларды техникалык жактан камсыздоого да ушул мамлекеттик ишкананын адистери тартылат.