Бишкек, 23.10.25 /Кабар/. Ак илбирстин болушу өлкөнүн экологиялык абалынын туруктуулугунан кабар берет. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биоресурстар башкармалыгынын башчысы Кумар Мамбеталиев билдирди.
Анын айтымында, ак илбирс кайсы жерде байкалса, ал аймакта экологиялык абал кооптуу эмес дегенди түшүндүрөт.
"Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, ак илбирстин улуттук символ макамын алышы абдан туура чечим. Көптөр “Эмне үчүн дал ушул жаныбар улуттук символ болду?” деген суроону беришет. Кыргыз эли байыртан бери жапайы жаныбарларды сапаттуу мүнөздөр менен салыштырып келген. Манас эпосунда жана башка чыгармаларда да табият менен болгон гармония баса белгиленген. Ошол үчүн ак илбирс жөн гана жаныбар эмес, терең маани берген символ. Ал экологиялык туруктуулуктун жана таза айлана-чөйрөнүн көрсөткүчү катары да кабыл алынат",- деди Мамбеталиев.
Мамбеталиев кошумчалагандай, ак илбирс жаратылыш менен болгон мамиленин маанисин, жаратылышты сактоонун зарылдыгын эскерткен өзгөчө символ болуп эсептелет.