Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты, шайлоо системасынын жана тартибин өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбоорунун демилгечилердин бири, Марлен Маматалиев “Кабар” маалымат агенттигине берген комментарийинде шайлоонун жаңы эрежелерине кылдат токтолуп, келечекте шайлоону жарандарыбыз өлкөнүн, өздөрүнүн тагдырын чече турган күн катары кабыл алып, тандоо процессине активдүү катышыш керек деп белгиледи.
“Буга чейин Кыргызстанда ар кандай шайлоо системалары орун алып келген. Можаритардык, бирок бир мандаттуу округдан чыгуу, андан кийин пропорционалдуу партиялык система болду. Акыркы жолу биз аралаш системасы менен шайланып келгенбиз. Анда партиядан дагы бир мандаттуу окургдан чыкканга мүмкүнчүлүк болгон. Бул ирет биринчи жолу Кыргызстандын тарыхында көп мандаттуу можаритардык система каралды. Тагыраак айтканда, бизде бир округдан үч депутат шайланат. Жалпысынан Кыргызстан 30 округга бөлүнөт. Бир округда болжол менен 140 мин шайлоочу бар. Үч мандат дегенибиз, бул биринчи жана экинчи орунду көп добуш менен жеңишке жетишкен эки эркек талапкер. Алар эки мандатка ээ болушатт. Ал эми үчүнчүсү, милдеттүү түрдө айымдардын арасынан эң көп добуш алганы мандатка ээ болот. Ошентип 30 округдан 3 депутат болгондо 90 депутат болот.
Дагы бир жакшы өзгөчөлүк, депутат өзүнүн мандатын тапшырган болсо, анын ордуна эркектер арасында эң көп добуш алган эркектер, ал эми аймдардын арасынан кийинки көп добуш алган айым мандатка ээ болот. Кыргызстанда кайра- кайра шайлоо боло бербейт. Мурдагыдай эле кайсыл улут болбосун, ден-соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген талапкерлер катышууга мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Болгону 5 жыл Кыргызстанда жашаган болуш керек.
Андан сырткары, партия системасы жокко чыгарылды дегенден алыс болуш керек. Партиялар өзүнүн талапкерлерин округдарга чыгарганга мүмкүнчүлүктөрү бар. Болгону биздин негизги максаттардын бири - ар бир округдун депутаты болуш керек, болгондо дагы бир эмес, үч депутат. Мисалы биздин “Ынтымак” партиябыздын Баткендин депутаты жок болчу.
Ар бир округдун депутаты болуп, өзүнүн ишмердүүлүгүн көрсөтүп, эл менен иштеп, элге тиешелүү мыйзамдарды жазышат. Мына ушундай мыйзамды коомчулука чыгардык. Эгерде кандай бир сунуштар болсо биз карап көрөбүз. Жалпысынан мыйзамдын концепциясы, биздин максатыбыз дагы ушул ирээтте кетип жатат.
Кыргызстанда дагы бир жагдай бар – бул элдин шайлоого катышуу маселеси акыркы жылдары көйгөйгө айланып баратат. Статистиканы карап көрсөк, тилекке каршы шайлоочулардын 20-25 пайызы шайлоого катышат . Шайлоого катышпагандар, тандоо процесси бүткөндөн кийин өзүнүнүн оюн айтып, критикасын айтып чыккан мисалдар көп. Анда эмне үчүн шайлоого катышкан жок, эмне үчүн өзүндүн жарандык милдетин аткарган жок деген суроолор туулат. Мындай мисалдарга байланыштуу биз айып салсакпы деп ойлонүп көрдүк. Ушундан улам, айыптын ордуна, стимул кылсак деген ой келди. Биз жети облуста жана эки чоң шаарыбызда шайлоо күнү лотерея ойнотууну демилгеледик. Байгеге батир, унаа, айфон жана башка үйдө колдонуучу техникалар коюлат. Ошондо шайлоочулар көбүрөк келип, тандоо процессине катышып, ошол күндү майрам катары көрсө дейбиз. Себеби, ошол күнү өзүнүн тагдырын чечип, келечегин тандап аткандан кийин, сөзсүз түрдө атуулдук милдетин аткарып шайлоого келсин деп аракет кылып жатабыз. Өзүнөр билесиңер, анча-мынча жаштардын арасында айфон ойнотулса ошол жака чуркап бара калышат. Ал эми шайлоого бар десе, барбай жатып алышат. Шайлоо эмнени чечмек эле дегендер да бар. Бирок андай болбош керек, шайлоого ар бир жаран активдүү катышсын деп ушул мыйзамды сунуштадык”,- дейт Марлен Маматалиев.