Кыргызстан менен Венгриянын ар тараптуу кызматташтыгынын келечеги талкууланды

Жогорку Кеңеш 1550 01 Июнь 2026 18:14
image1.jpg
image6.jpg
image3.jpg
image4.jpg
image5.jpg
image2.jpg
Алдыга
Артка
image1.jpg
image6.jpg
image3.jpg
image4.jpg
image5.jpg
image2.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дорогини дипломатиялык миссиясынын аяктап жаткандыгына байланыштуу кабыл алды.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык жана парламенттер аралык алакалардын учурдагы абалын талкуулашты.

Төрага Марлен Маматалиев элчинин ишине жогору баа берип, анын аракети менен кыргыз-мажар кызматташтыгы стратегиялык өнөктөштүккө жеткенин белгиледи.

Мыйзам чыгаруу жана санариптештирүү багытында тажрыйба алмашууну күчөтүү, ошондой эле ТүркПА өңдүү эл аралык аянтчаларда тыгыз кызматташуу зарылдыгы айтылды. Элчи Венгриянын Мамлекеттик жыйынынын төрайымы Агнеш Форстхоффердин саламын жеткирди.

Ошондой эле төрага венгр тарапты быйыл Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.

Элчи Шандор Дороги дипломатиялык ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, элчилик тарабынан башталган ири долбоорлор мындан ары да улантыларын баса белгиледи.