Маматалиев ТүркПАнын башкы катчысы менен жолугушту

Саясат 6 октябрь 2026 15:20
image1.jpg
image2.jpg
image3.jpg
image4.jpg
image5.jpg
image7.jpg
image9.jpg
Алдыга
Артка
image1.jpg
image2.jpg
image3.jpg
image4.jpg
image5.jpg
image7.jpg
image9.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 06.10.26. /Кабар/. Күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) башкы катчысы Рамиль Хасанды кабыл алды.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда ТүркПАнын алкагындагы парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланып, 19–20-октябрда Бишкек шаарында өтө турган ассамблеянын жыйындары тууралуу да сөз болду. 

Төрага Марлен Маматалиев Жогорку Кеңеш боордош мамлекеттердин парламенттери менен калыптанган кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеп: “Ага ылайык, Бишкекте өтө турган жыйындарга чоң даярдыктар көрүлүүдө. Себеби ТүркПАнын жыйындары парламенттер ортосундагы диалогду чыңдоо менен катар мамлекеттер аралык мамилелерди бекемдеген маанилүү аянтча”, – деди. 

Ошону менен катар төрага ассамблеянын ишин өркүндөтүүгө жана парламенттер аралык кызматташтыктын практикалык механизмдерин өнүктүрүүгө багытталган сунуштары менен да бөлүшүп, моделдик мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жаатындагы жагдайларга токтолду. Айрыкча ТүркПАнын алкагында кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү механизмдерин өркүндөтүү зарылчылыгы айтылды.

Өз кезегинде Башкы катчы Рамиль Хасан ТүркПАнын ишмердүүлүгү тууралуу учкай маалымат берип, Бишкектеги жыйынды уюштурууга тиешелүү маалыматтары менен бөлүштү. 

Анын ичинен мазмундук жана уюштуруучулук маселелерине токтолуп, боордош элдердин парламенттер аралык кызматташтыгын кеңейтүү жаатында жасалып жаткан иштер тууралуу да сөз кылды.