Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Россия Федерациясынын Москва шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Кеңешинин жыйынына катышты.
Жогорку Кеңештен билдиришкендей, жыйында Ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин жетекчилери баяндама жасашты. Өз кезегинде Маматалиев мындай жолугушуулар парламенттер аралык алакаларды гана өнүктүрбөстөн, мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкка чоң өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Ал өткөн жылы Бишкекте өткөн Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйындарынын натыйжасы тууралуу сөз кылып, Кыргызстандын төрагалыгы алдында өткөн саммит кызматташууну бекемдөөгө өзгөрө салым кошконун, жамааттык коопсуздук тутумунун негизин түзгөн бир катар стратегиялык документтерге кол коюлганын белгиледи.
Ошондой эле быйыл Россия уюмдагы төрагалыгын “Көп уюлдуу дүйнөдөгү жамааттык коопсуздук: бир максат — жалпы жоопкерчилик” деген ураандын негизинде жүргүзүп жатканына токтолгон Марлен Маматалиев: ”Биз тынчтык менен туруктуулук мамлекеттер аралык кызматташуунун негизги факторлору экенин жакшы билебиз. Ага ылайык, жаңы механизмдерди жана инструменттерди киргизүүгө умтулабыз. Бул пайда болгон коркунучтардын алдын алууга жана терс кесепеттерин азайтууга мүмкүндүк берет деген ишенимдебиз”, — деп кошумчалады.
Андан тышкары, төрага учурда дүйнөлүк коомчулук ар кайсы аймактарда чыңалуунун күчөшүнө күбө болуп жатканын айтты.
”Жаңы куралдуу жаңжалдар пайда болуп, мурдагы чыр-чатактар кайра жанданып жатат. Мамлекеттер аралык карама-каршылыктар кескин курчуду. Терроризм, экстремизм жана уюшкан кылмыштуулук сыяктуу коркунучтар өсүүдө. Бул чакырыктар чек араны билбейт жана бизден биргелешкен, чечкиндүү аракеттерди талап кылат”, — деди ал.
Белгилей кетсек, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагындагы Парламенттик ассамблея 2006-жылы 16-ноябрда түзүлгөн. Ага Кыргызстан, Россия, Казакстан, Беларусь, Армения жана Тажикстандын парламенттери мүчөлүк кылат.