Маматалиев Москвада Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерди

Жогорку Кеңеш 2898 20 Апрель 2026 16:40
image1.jpg
image2.jpg
image15.jpg
image14.jpg
image13.jpg
image12.jpg
image11.jpg
image10.jpg
image9.jpg
image8.jpg
image7.jpg
image6.jpg
image5.jpg
image4.jpg
image3.jpg
Алдыга
Артка
image1.jpg
image2.jpg
image15.jpg
image14.jpg
image13.jpg
image12.jpg
image11.jpg
image10.jpg
image9.jpg
image8.jpg
image7.jpg
image6.jpg
image5.jpg
image4.jpg
image3.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Россияга болгон иш сапары Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен башталды.

Парламенттен билдиришкендей, төрага Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерди. 

Эскерте кетсек, бүгүн Москва шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) кезектеги жыйыны өтөт. Аталган ассамблеяга Кыргызстан, Россия, Казакстан, Армения, Беларусь жана Тажикстандын парламенттери мүчө.

Жыйынга катышуу үчүн барган делегациянын курамында депутаттар Алишер Козуев, Улукбек Узакбаев жана Азамжан Жалиловдор бар.