Маматалиев: Өлкөбүздө жаңылануулар арбын, аны жигердүү улантышыбыз керек

Жогорку Кеңеш 2 сентябрь 2026 12:10
Маматалиев: Өлкөбүздө жаңылануулар арбын, аны жигердүү улантышыбыз керек
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 02.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 2-августта Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылды.

Парламенттен билдиришкендей, жыйынды ачкан төрага Марлен Маматалиев өлкөдөгү өзгөрүүлөргө жана жетишкендиктерге токтолду.

Анын ичинен мамлекеттин финансылык мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейиши менен билим берүү, саламаттык сактоо, жол-транспорт тармактарында жана башка социалдык багыттарда мурда болуп көрбөгөндөй жаңылануулар жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Ал ошондой эле 2021–2025-жылдары республика боюнча жалпы 673 билим берүү объектисинин курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктаганын кошумчалады.

"Ал эми 2026-жылдын 31-августуна карата 56 билим берүү объектисинде жумуштар толугу менен бүткөрүлгөнүн, жыл аягына чейин дагы 58 билим берүү объектиси ишке берилет. Андан тышкары, 2021–2025-жылдары республикалык бюджеттин жана башка булактардын эсебинен 21 саламаттык сактоо объектисинин курулушу аяктап, быйылкы жылдын аягына чейин дагы 40 медициналык жай салынат", — деди.

Ошону менен катар, миңдеген чакырым жолдор жаңыланып жатканына токтолду.

“Бул жөн гана сандар эмес. Ар бир жаңы мектеп балдарыбыздын келечеги. Ар бир медициналык мекеме адамдын өмүрү жана ден соолугу. Ар бир чакырым жол аймактардын өнүгүүсү жана экономиканын жаңы мүмкүнчүлүгү”, — деди төрага.

Мындан сырткары, стратегиялык маанидеги ири долбоорлор тууралуу да сөз кылды.

“Алардын эң маанилүүлөрүнүн бири Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу. Бул долбоор Кыргызстандын транспорттук көз карандысыздыгын бекемдөөгө, транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Ал эми Балыкчы – Кочкор темир жолу өлкөбүздүн ички темир жол тармагын өнүктүрүүдө жаңы барак ачууда”, — деди.

Ошондой эле “Бишкек Арена”, “Ырыс Ордо” өңдүү ири курулуштар боюнча пикирин айтты.

“Бул объектилер жөн гана жаңы имараттар эмес. Алар мамлекетибиздин мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейгенинин, Кыргызстандын алдыга карай ишенимдүү кадам таштап жатканынын көрсөткүчү”, — деп кошумчалады.

Мамлекеттин эл аралык байланыштарына токтолуп өттү.

“Кыргыз Республикасы биринчи жолу Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Бул Кыргызстан үчүн чоң дипломатиялык жетишкендик жана ошол эле учурда чоң жоопкерчилик”, — деди.

Ошондой эле Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы жогорку деңгээлдеги жолугушуулар, анын ичинде "ШКУ плюс" форматындагы иш-чаралар ийгиликтүү уюштурулуп, ушул күндөрү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кызуу өткөрүлүп жатканын да мисал кылды. Буга кошумча Ысык-Көлдө суу үстүндөгү "Формула-1" (F1H2O) дүйнө чемпионаты да ийгиликтүү болгонун белгиледи.

“Өлкөбүздө жүрүп жаткан мындай масштабдуу өзгөрүүлөр Жогорку Кеңешке дагы чоң жоопкерчилик жүктөйт. Биз мыйзам чыгаруу, парламенттик көзөмөл жана өкүлчүлүк аркылуу өлкөбүздүн өнүгүүсүнө түздөн-түз катышууга тийишпиз. Мыйзамдын сапаты, анын аткарылышы жана эң негизгиси жарандарыбыздын күнүмдүк жашоосуна тийгизген оң таасири биздин ишибиздин башкы көрсөткүчү болушу кажет”, — деди.

Андан тышкары төрага жерлерди ижарага берүү маселеси тууралуу айтылган жагдайлар боюнча да пикирин билдирип, бул багытта жаңы мыйзам долбоору келбегенин, учурда 1992-жылдары кабыл алынган мыйзамдар гана колдонулуп жатканын кошумчалады.