Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпинди кабыл алды.
Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда тараптар парламенттер аралык байланышты чыңдоо жана ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Төрага Марлен Маматалиев эки өлкө башчыларынын өткөн жылдагы үч жолку жолугушуусу кызматташтыкка чоң дем бергенин белгиледи.
"Анын натыйжасында узак жылдардан бери ишке ашпай келген Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды. Биз парламенттер аралык байланыштарды тереңдетүү менен стратегиялык өнөктөштүктү андан ары өрчүтүүгө даярбыз", – деди төрага.
Өз кезегинде элчи Лю Цзянпин Марлен Маматалиевди төрага болуп шайланышы менен куттуктап, Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзинин саламын жеткирди. Элчи Кыргызстанда жүрүп жаткан реформаларга, өзгөчө парламенттеги санариптештирүү саясатына жогору баа берди.
Тараптар биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү, соода-экономикалык потенциалды толук пайдалануу жана келишимдерди ишке ашыруу, эки элдин достугун бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.