Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баштаган депутаттар Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Сокулук районундагы Белек айылында уюштурулган маарекелик иш-чараларга катышты. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.
Салтанатта облус катары бир кылым мурун калыптанганы менен Сары-Өзөн Чүй өрөөнү байыртадан эле Улуу Жибек жолунун маанилүү борборлорунун бири болгонун белгилеген Төрага: “Бул чөлкөм чыгыш менен батышты байланыштырып, соода-сатык, илим-билим жана маданият өнүккөн аймак катары таанылган. Айрыкча Чүйдүн тарыхый улуулугун Баласагын шаарынан калган мурастар, Бурана мунарасы, Ак-Бешим сыяктуу байыркы шаарлардын калдыктары далилдеп турат”, – деди.
Муну менен катар облустун учурдагы жетишкендиктери тууралуу да учкай кеп кылган Марлен Маматалиев: “Соңку жүз жыл ичинде Чүй облусу өнүгүүнүн татаал, бирок даңктуу жолун басып өтүп, өлкөбүздүн ири өнөр жай, транспорттук, соода-логистикалык жана экономикалык борборлорунун бирине айланды”, – деп кошумчалады.
Мындан тышкары, өлкө башчысынын жетекчилиги астында жалпы республикада, анын ичинен Чүй облусунда жасалып жаткан иштерге да токтолгон Жогорку Кеңештин Төрагасы алдыда дагы аймакты өнүктүрүүгө багытталган алгылыктуу пландар бар экенин белгиледи.
Ошондой эле Сары-Өзөн Чүй эзелтен ар түрдүү маданияттардын, элдердин жана салттардын жуурулушкан жери болуп келгенин эске салган Марлен Маматалиев: “Бүгүн да бул облуста ар кайсы аймактын, ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү бир туугандай жашап, бир мекендин келечеги үчүн биргелешип эмгектенип келишет. Мындан ары да ынтымак менен биримдикке данакер болгон Чүй жергеси заманбап технологиялар өнүккөн, айыл чарбасы менен өнөр жайы өркүндөп-өскөн, жаштары билимдүү, айылдары көрктүү, эли бакубат аймак катары тааныла берет деген ишеничтемин”, – деди.
Салтанаттуу иш-чара театрлаштырылган оюн-зооктор менен коштолду.
Ал эми улуттук оюндардан алдыга озгондорго баалуу белектер ыйгарылары күтүлүүдө.