Малика Молтоева Туризм департаментинин директорунун орун басары болду

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 04 Апрель 2025 15:15
174375407867ef935e2.64f853e3.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 04.04.25. /Кабар/. Малика Молтоева Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Өмүр баяны: 

Молтоева Малика Эсенгелдиевна 1996-жылдын 10-июнунда туулган.

2018-жылы Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академиясында «Эл аралык мамиле» (дипломатия жана консулдук кызмат) адистиги боюнча бакалавр дипломун алган. 

2020-жылы «Эл аралык укук» (юриспруденция) багыты боюнча магистратураны аяктаган.

Эмгек жолу:
2022-жылдын октябрынан 2024-жылдын сентябрына чейин – ЖЧК «Сан Планет Органик» – Кыргызстандагы жогорку сапаттагы органикалык продукцияларды эл аралык рынокторго экспорттоочу компанияда башкы маркетолог.

2021-жылдын январынан 2023-жылдын октябрына чейин – Кыргыз Республикасында Европалык Союздун Өкүлчүлүгүнүн Проектиси – медиа боюнча эксперт/ивент менеджер.

2023-жылдын мартынан 2024-жылдын декабрына чейин – Европалык Союздун Өкүлчүлүгүнүн Регионалдык Проектиси - SECCA (Орто Азияда туруктуу энергетикалык байланыштар) – медиа боюнча эксперт (ивент-менеджер).

2018-жылдын декабрынан 2019-жылдын августуна чейин – Дүйнөлүк этно оюндар конфедерациясы (World Ethnogames Confederation) – ивент-менеджер.

2020-жылдын сентябрынан 2020-жылдын декабрына чейин – "Бишкек" Эркин экономикалык чөлкөмүндө (ЭЭЧ ) – коомчулук менен байланыштар боюнча башкы адис.

2020-жылдын февралынан 2020-жылдын декабрына чейин – «Активдүү ыктыярчылар» коомдук фонду – долбоордун координаторунун жардамчы.