Бишкек, 28.10.25. /Кабар/. Мали өкмөтү күйүүчү майдын жетишсиздигинен улам өлкөдөгү мектептер менен университеттерде окууну эки жумага токтотту. Бул тууралуу Азертадж маалымат агенттиги жазды.
Маалыматта белгиленгендей, өкмөт бул чечимди жекшемби күнү кечинде козголоңчулар блокада орноткондон кийин жарыялады.
Өлкө боюнча бензин жана дизель майынын жетишсиздиги байкалууда.
Сентябрдын башында "Жамаат Нусрат аль-Ислам валь-Муслимин" тобу деңизге чыга албаган бул Батыш Африка өлкөсүнө күйүүчү май импортун блокадага алганын жарыялаган жана ошондон бери өлкөгө кирүүгө же борборго жетүүгө аракет кылган бензовоздордун колонналарына кол салып келет.
Аналитиктер күйүүчү май блокадасын Малинин аскердик өкмөтүнө басым көрсөтүү кампаниясынын бир бөлүгү катары сыпатташууда, анткени согушчан топтор өлкөнүн экономикасын алсыздандырууну каалашат.
2024-жылы Мали өкмөтү жаан-чачын мезгилинен кийинки катуу суу ташкынынан улам окуу жылынын башталышын жылдырган.