Бишкек, 16.09.25. /Кабар/. Борнео штатынын түндүгүндөгү Сабах штатында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон жер көчкүдөн кеминде 11 адам набыт болуп, дагы бир нечеси дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жазып чыкты.
Кырсык штаттын борбору Кота Кинабалу шаарына жакын айылда болгон.
Өлкөнүн Социалдык камсыздоо департаментинин маалыматы боюнча, штатта 1788ден ашуун адам суу ташкынынан улам көчүп кеткен, жабыркагандар 12 жардам көрсөтүү борборуна жайгаштырылды.
Премьер-министр Анвар Ибрагим мурда бөлүнгөн 11 миллион ринггиттен тышкары, жабыркагандарга кошумча 10 миллион ринггит (2,38 миллион АКШ доллары) жардам берерин жарыялады. Ал ошондой эле малайзиялыктарды биригүүгө жана муктаж болгондорго жардам берүүгө чакырды.