Малайзияда ыштан улам бир нече мектеп жабылды

Дүйнө 12 октябрь 2026 09:00
Малайзияда ыштан улам бир нече мектеп жабылды

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 12.10.26 /Кабар/. Малайзияда абанын катуу булганышына байланыштуу бир катар аймактарда, анын ичинде борбор калаа Куала-Лумпурда жана Путраджая административдик борборунда мектептер жабылды. Бул тууралуу Казинформ маалымдады.

Өлкөнүн Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, абанын булгануу индекси 180 пункттан ашкан аймактардагы мектептер 10-октябрдан тартып жабылган. Ал эми көрсөткүч үч күн катары менен 150 пункттан жогору болгон аймактарда окуу жайлары 12-октябрдан тартып жабылат.

Улуттук мониторинг системасынын маалыматы боюнча, Малайзия жарым аралынын көпчүлүк аймактарында абанын булгануу деңгээли адамдын ден соолугуна коркунуч жаратууда. Кырдаал өлкөнүн батыш жээгиндеги Селангор, Жохор жана Негери-Сембилан штаттарында өзгөчө оор.

Малайзияда абанын булгануу индекси 0–50 пункт болсо жакшы, 51–100 пункт орточо, 101–200 пункт ден соолукка зыяндуу, 201–300 пункт өтө зыяндуу, ал эми 301 пункттан жогору көрсөткүч коркунучтуу деп эсептелет.

Буга чейин Борнео аралындагы абанын булганышынын деңгээли кооптуу чекке жеткендиктен, өзгөчө кырдаал жарыяланган. Сериан шаарында булгануу индекси 521 пунктка чейин көтөрүлгөн.

Абанын катуу булганышына Индонезиядагы токой жана чымдуу жерлердеги өрттөр себеп болууда.