Бишкек, 02.06.26 /Кабар/. 1-июндан тарта Малайзияда 16 жашка чейинки балдардын социалдык тармактарда жеке аккаунт ачышына тыюу салган жаңы эрежелер күчүнө кирди. Бул тууралуу Казинформ билдирет.
Жаңы талаптар 8 миллиондон ашык колдонуучусу бар социалдык платформаларга, анын ичинде Facebook, Instagram, TikTok жана YouTube тармактарына тиешелүү. Эрежеге ылайык, платформалар колдонуучулардын жашын милдеттүү түрдө текшерип, 16 жашка чыга элек өспүрүмдөрдү каттабоого тийиш.
Учурдагы колдонуучулардын жашын текшерүү иштери алты ай ичинде этап-этабы менен жүргүзүлөт. Ал эми 16 жашка чейинки колдонуучуларга сүрөттөрүн, видеолорун жана башка маалыматтарын сактап калуу же көчүрүп алуу үчүн бир ай убакыт берилет. Андан кийин алардын аккаунттарына чектөө киргизилип же толугу менен жабылышы мүмкүн.
Мыйзам талаптарын аткарбаган компанияларга 10 миллион ринггитке чейин (болжол менен 2,5 миллион АКШ доллары) айып пул салынат.
Малайзия өкмөтү бул чаралар балдарды зыяндуу контенттен, кибербуллингден жана социалдык тармактардагы көз карандылыкты күчөтүүчү функциялардан коргоого багытталганын билдирди.
Ошол эле учурда технологиялык компаниялар мындай толук тыюу салуу өспүрүмдөрдү көзөмөлдөнбөгөн жана коопсуздугу төмөн платформаларды колдонууга түртүшү мүмкүн экенин айтышууда. Алар жашы жете электер үчүн атайын корголгон аккаунттарды, экран алдында өткөрүлгөн убакытты чектөөнү жана зыяндуу контентке бөгөт коюуну альтернатива катары сунушташууда.
Белгилей кетсек, буга чейин Европа биримдиги да социалдык тармактарды колдонууда жаш курактык чектөөлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирген. Ал эми Түркиянын парламенти 15 жашка чейинки балдарга социалдык тармактардын кызматтарын көрсөтүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алган.