Малайзияда 11 жыл мурун жоголгон учакты издөө иштери жанданат

Дүйнө Загрузка... 04 Декабрь 2025 17:40
WhatsApp Image 2025-12-04 at 07.36.53.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 04.12.25 /Кабар/. Малайзия өкмөтү Malaysia Airlines авиакомпаниясынын MH370 каттамындагы жүргүнчүлөрү менен дайынсыз жоголгон учакты издөө иштерин 30-декабрда кайра баштайт. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, издөө иштери быйыл март айында башталган. Бирок, начар аба ырайына байланыштуу токтотулган болчу.

Издөө иштерин британдык Ocean Infinity компаниясы жүргүзөт. Бул компания буга чейин 2018-жылы да издөөгө катышкан. Андан мурда, 2014-жылы жоголгон учакты 26 өлкөнүн 60 кемеси жана 50 учагы биргелешип издеген, бирок натыйжа болгон эмес.

MH370 учагы 2014-жылы 8-мартта Куала-Лумпурдан Пекинге бара жатып, 239 жүргүнчү жана экипаж мүчөсү менен дайынсыз жоголгон. Бул дүйнөлүк авиация тарыхындагы эң чоң сыр бойдон калууда.

Ал учкандан бир саат өтпөй радардан жоголгон. Экипаж менен байланыш үзүлүп, учактын багыты алдын ала белгиленген траекториядан кескин өзгөргөнү аныкталган.

Айрым маалыматтарга ылайык, 2018-жылы жүргүзүлгөн иликтөө учак атайылап башка багытка бурулган болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келген. Бирок, тергөө так жыйынтык бере алган эмес.

Тергөөчүлөр учактын так эмне себептен жоголгонун аныктоо үчүн анын калдыктарын табуу маанилүү экенин баса белгилешкен. Мына ушул себептен Малайзия бийлиги 2025-жылдын 30-декабрынан тарта издөө иштерин кайра баштоону чечти.