Макрон жашы 15тен төмөн балдарга соцтармакка тыюу салуу керектигин билдирди

Дүйнө Загрузка... 11 Июнь 2025 17:00
WhatsApp Image 2025-06-11 at 12.40.40.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.06.25. /Кабар/. Франциянын президенти Эммануэль Макрон 15 жаштан төмөн балдар үчүн социалдык тармакка тыюу салуу керектигин билдирди. Бул тууралуу Politico басылмасы кабарлаганын Коммерсант гезити жазды.

Макрон Евробиримдиктин деңгээлинде прогресс болбосо, Франция жакынкы айларда ушундай чара көрүүгө баруу керектигин France 2 телеканалында айткан.

Буга чейин Франция, Испания жана Грециянын санарип саясаты боюнча министрлери мыйзам долбоорун иштеп чыгышкан. Ага ылайык, интернет ресурстарына жеткиликтүүлүк 15 жашка чейинки колдонуучуларга жабык болот.