Майыптыгы бар балдардын ата-энелери мамлекеттик алымдардан бошотулушу мүмкүн

Жогорку Кеңеш Загрузка... 26 Май 2025 21:21
WhatsApp Image 2025-05-26 at 14.18.59.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 26.05.25. /Кабар/. Майыптыгы бар балдардын ата-энелери сотко кайрылганда мамлекеттик алым төлөөдөн бошотулушу мүмкүн.

Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары демилгелеген.

Алардын бири, депутат Айсулуу Мамашова мыйзам долбоору майыптыгы бар балдардын ата-энелерин доо арызынын кайсы бир категориясы боюнча сотко кайрылганда мамлекеттик алым төлөөдөн бошотууга багытталганын белгиледи. Ал сунушталып жаткан долбоор социалдык адилеттүүлүк, эл аралык милдеттенмелер жана экономикалык максатка ылайыктуулук, анын ичинде үй-бүлөлөрдүн каржылык жүгүн жеңилдетүү жана алардын балдарынын укуктарын коргоого активдүү катышуусуна көмөк көрсөтүү принциптерине шайкеш келерин баса белгиледи.