Майлуу-Суудан келген делегат заводдун ишин жандандырып, чакан ГЭС куруп берүүнү суранды

Элдик курултай Загрузка... 26 Декабрь 2025 10:00
images.jpg
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.12.25. /Кабар/. IV Элдик курултайдын делегаты, Майсуу-Суу шаарынын тургуну Абдулахап Нуралиев 61 жылдан бери иштеп келе жаткан "Майлуу-Суу" лампа заводу учурда туруктуу иштебей, калктын ишеними азайганын айтат. Буга байланыштуу ал президентке кайрылып, заводдун ишин көзөмөлгө алууну суранды.

“Себеби, лампаларды калк сатып албайт, анткени кытай өндүрүшүнөн чыккан диоддук лампаларга суроо-талап жогору. Завод туруктуу иштебей жаткандыктан, шаар бюджетине салык түшпөй, шаарыбыздын өнүгүшүнө тоскоолдуктар жаралууда. Кесипкөй адистер жана жаштар шаардан тышкары иш издөөгө кетүүдө. Мындан улам заводдун ишин жандандыруу керек”, - деди делегат.

Ошондой эле Абдулахап Нуралиев өлкө башчысынан шаардагы социалдык объекттерди оңдоп-түзөөгө жана инфраструктураларды жакшыртууга каражат бөлүп берүүнү айтты.

Мындан тышкары делегат шаарга чакан ГЭС куруу зарылдыгын белгиледи.

“Шаарыбыздын аймагында чакан ГЭС курганга жер бар. Долбоор да даяр. Эгер ГЭС курулуп калса, Майсуу-Суу шаары жана Ноокен району электр энергиясы менен туруктуу камсыздалмак”, -дейт ал.

Ошол эле маалда делегат шаарда дарыгерлердин жетишсиздиги да олуттуу маселе экенин айтып, медицина кызматкерлери менен камсыздоо, жаш адистерди аймакка жиберүүнү да көңүл сыртында калтырбоону кошумчалады.