Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Майлуу-Суу шаарындагы лампа заводунун өндүрүштүк базасын сактап калуу жана жаңы багыттарды өздөштүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, суроо-талаптын азайышына байланыштуу эски үлгүдөгү лампаларды чыгаруу 2026-жылдын 1-январынан тартып токтотулган. Ошол эле учурда заводдун базасында индустриалдык парк түзүлүп, инвестиция тартуу жана жаңы ишканаларды уюштуруу пландалууда.
"Бул максатта жалпысынан 931 млн сом каралган, анын 600 млн сому учурда бөлүнгөн. Каражаттын эсебинен айнек идиштерин чыгарууну кеңейтүү жана светодиоддук лампалардын түрлөрүн көбөйтүү боюнча долбоорлор ишке ашырылууда", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, заводду жаратылыш газы менен толук камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Жаңы долбоорлор өндүрүштү кеңейтүүгө, инвестиция тартууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган.