Бишкек, 06.01.25 /Кабар/. Өлкө башчысы Садыр Жапаров Тажикстан менен болгон чек ара маселесин чечүү үчүн Душанбе шаарына Эмомали Рахмон менен жолугушууга барган. Бул тууралуу ал журналист Айбек Бийбосунов тарткан даректүү тасмада айтып берген.
Ошондой эле анда ал өзүнүн жеке рейтингинен дагы, чек ара маселеси менен бөөдө каза болуп жаткан жаш балдардын өмүрүн биринчи орунга койгонун белгилеген.