Маданият министринин милдетин аткаруучу эмгек жамаатка тааныштырылды. Мирбек Мамбеталиевдин өмүр баяны

Коом 1413 22 Февраль 2025 18:50
480861678_937065791918511_3539452290035209580_n.jpg
481264843_937065965251827_6401709533025782288_n.jpg
480561593_937066568585100_7274825314529451487_n.jpg
480556726_937066295251794_2220693180560547997_n.jpg
480567848_937066298585127_8357433222222085533_n.jpg
480799850_937066241918466_1723318477398433385_n.jpg
480572724_937066221918468_5097456291646163840_n.jpg
Алдыга
Артка
480861678_937065791918511_3539452290035209580_n.jpg
481264843_937065965251827_6401709533025782288_n.jpg
480561593_937066568585100_7274825314529451487_n.jpg
480556726_937066295251794_2220693180560547997_n.jpg
480567848_937066298585127_8357433222222085533_n.jpg
480799850_937066241918466_1723318477398433385_n.jpg
480572724_937066221918468_5097456291646163840_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 22.02.25. /Кабар/. Бүгүн, 22-февралда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин милдетин аткаруучу болуп жаңы дайындалган Мирбек Мамбеталиев аппараттын эмгек жамаатына жана министриликке караштуу мекемелердин жетекчилигине тааныштырылды.

Ведомстводон билдиришкендей, аны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырып, алдыда ишке ашыра турган милдеттер турганын белгилеп, жоопкерчиликтүү ишине ийгиликтерди каалады.

Мирбек Мамбеталиевдин өмүр баяны:

- Ал1980-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөлгөн.

- Жогорку билимдүү. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин жана президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясын аяктаган.

- Эмгек жолун өкмөткө караштуу Ишкердикти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиясы, финансы-экономика бөлүмүндө жетектөөчү адис кызматынан баштаган.

- “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” акционердик коомунун финансы-экономика бөлүмүндө жетектөөчү адис, башкы адис, сектор башчы, бөлүм башчы кызматын аркалаган.

- Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинде, Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясында, Жогорку Кеңеште, министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинде, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында эмгектенген.

- Президенттин жана өкмөттүн Иш башкармасына караштуу “Кыргыз Республикасынын президентинин №2 Мамлекеттик резиденциясы мамлекеттик мекемесинде жана №1 Мамлекеттик резиденциясы мамлекеттик мекемесинде, ошондой эле президенттин жана өкмөттүн Иш башкармалыгында иштеген.

Ал эми буга чейин президенттин администрациясында Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнда иштеп жаткан.