Маданият министри БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук башкармалыгынын өкүлү менен жолукту

Коом Жүктөлүүдө... 25 Апрель 2025 18:00
492402990_982388124052944_3418897161774717988_n.jpg
492148592_982387967386293_7909584842533051383_n.jpg
492405082_982389817386108_4156277729719084885_n.jpg
492439391_982391384052618_4345437929942552443_n.jpg
492837164_982387970719626_4960559476364532361_n.jpg
492956975_982387874052969_6937844552959125926_n.jpg
Алдыга
Артка
492402990_982388124052944_3418897161774717988_n.jpg
492148592_982387967386293_7909584842533051383_n.jpg
492405082_982389817386108_4156277729719084885_n.jpg
492439391_982391384052618_4345437929942552443_n.jpg
492837164_982387970719626_4960559476364532361_n.jpg
492956975_982387874052969_6937844552959125926_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 25.04.25. /Кабар/. Бүгүн маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) Борбор Азия, Афганистан, Пакистан жана Иран боюнча аймактык өкүлү Оливер Штольпе менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ишке ашырылган бир катар долбоорлордун артыкчылыктуу багыттарын талкуулады. Ошондой эле кылмыштуулук менен күрөшүүгө жана укук тартибин камсыздоону жогорулатууга багытталган жаңы демилгелерди илгерилетүүдө маанилүү жагдайлар белгиленди.

Тараптар БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын баңгизаттарга, кылмыштуулукка, коррупцияга жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча комплекстүү мамилесин талкуулап, анын ичинде техникалык колдоо, аналитика жана мыйзамдарды өркүндөтүүгө көмөктөшүү боюнча маселелерди карады.

Оливер Штольпе жаштар арасында баңгизаттарды колдонуунун алдын алууга, кылмыш-жаза адилеттигин реформалоого жана кадрдык потенциалды чыңдоого өзгөчө көңүл буруп, бүгүнкү күндө жаштар бир катар курч көйгөйлөргө туш болуп жатканын белгиледи. Аталган көйгөйлөрдү комплекстүү чечүүдө маданият жана жаштар саясаты менен иш алып барган мекемелердин активдүү ролу талап кылынарын айтты.

Министр Мирбек Мамбеталиев бул темалар министрлик үчүн артыкчылыктуу экенин жана эл аралык өнөктөштөр менен терең өз ара аракеттенүүнү талап кыларын баса белгиледи. Министрликтин жаштарды агартууга, ден соолукту чыңдоого жана укуктук сабаттуулукту жогорулатууга багытталган учурдагы демилгелери жана пландары жөнүндө айтып берди.

Жолугушуу коомдун жана келечек муундун жыргалчылыгы үчүн эл аралык өнөктөштүктү чыңдоого карай маанилүү кадам болду.