Абдраев мектебинин окуучулары Алматыдагы сынакта байгелүү орунга ээ болду

Маданият
864244857_1880443299792612_2549166691273676856_n.jpg
880386946_2789858574745394_4888126816649420584_n.jpg
876441680_29358857120366433_1613012528402519405_n.jpg
863183918_1103822602417801_7082954325348582031_n.jpg
Алдыга
Артка
864244857_1880443299792612_2549166691273676856_n.jpg
880386946_2789858574745394_4888126816649420584_n.jpg
876441680_29358857120366433_1613012528402519405_n.jpg
863183918_1103822602417801_7082954325348582031_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Мукаш Абдраев атындагы Республикалык атайын музыкалык орто мектеп-интернатынын окуучулары Алматы шаарында өткөн Ахмет Жубанов атындагы XX эл аралык жаш аткаруучулар сынагына катышып, байгелүү орундарды ээлешти.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, сынактын жыйынтыгында фортепиано бөлүмүнүн окуучусу Сабырова Назбийке III орунга ээ болду. Анын мугалими — Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери Назира Субаналиева.

Ошондой эле кыл-кыяк бөлүмүнүн окуучусу Калматова Айтунук III орунду багындырды. Мугалими — Анаркүл Султанова, концертмейстери — Мелис кызы Саадат.

Мындан тышкары, мектептин мугалими, Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери Бактыгүл Асанкулова сынактын калыстар тобунун курамында иш алып барып, катышуучулар үчүн мастер-класс өткөрдү.