Бишкек, 02.10.26 /Кабар/. Мамлекет маданий инфратүзүмдү түп-тамырынан жаңыртууда.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев маданият тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, өз сөзүндө акыркы 5 жылдын ичинде мамлекет тарабынан маданиятты жана искусствону өнүктүрүү, чыгармачыл демилгелерди колдоо, улуттук мурастарды сактоо максатында маданий мекемелерди кеңири масштабда модернизациялоо иштери жүргүзүлүп жатканын айтты.
"Алардын ичинде Айтматов ааламы" маданий-мемориалдык комплекси, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы имараты, Нарын шаарында жана Ак-Талаа районунда маданият борборлору бар.
2024-жылы жазында Кыргыз улуттук "Манас" театры үчүн 300 орундуу жаңы имарат курулду.
Олуттуу оңдоп-түзөө жана реконструкциялоо иштеринен кийин Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры, Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театры, Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки, Чынгыз Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театры, Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театры кайрадан эшигин ачты", - деди минкаб төрагасы.