Бишкек, 02.10.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев маданият тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Ал өз сөзүндө мамлекет маданиятты өнүктүрүүгө, маданий мекемелердин ишмердүүлүгүн илгерилетүүгө, искусство чыгармаларын жаратууга жана жайылтууга, керектүү шартарды түзүүгө жалпысынан ар жыл сайын 6-10 млрд сомдун тегерегинде каражат бөлүп жаткандыгын белгиледи.
"Быйыл Кыргызстанда өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытып, өлкөбүздүн эл аралык аброюн чыңдоо багытындагы олуттуу кадам болду. Дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүндөгү калктын көңүл борборунда болгон бул оюндар, этнографиялык жана маданий сынактар дүйнө жүзүнө кыргыз маданиятын, жалпы эле көчмөндөр цивилизациясын даана көрсөттү", - деди Касымалиев.