Лувр музейине ууруга кирген 2 шектүү кармалды

Дүйнө 3 ноябрь 2025 17:20
Лувр музейине ууруга кирген 2 шектүү кармалды

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.11.25. /Кабар/. Парижде Лувр музейиндеги уурулукка байланыштуу 2 шектүү кармалды. Бул тууралуу Еuronews franceinfo агенттигине шилтеме келтирип жазды.

Маалыматка караганда, Париждин прокурору Лора Бекко өткөн жумада 5 киши уурулукка шектелип кармалганын айткан.

37 жаштагы эркек киши "уюштурулган уурулукка" шектелүүдө. 38 жаштагы аял “уурулукка катышкан” деп күнөөлөнүүдө.

Дагы 3 адам кылмыш иши козголбостон, камактан бошотулду.

Эске салсак, 19-октябрда Луврда каракчылык болгон. Жалпы зыян 88 млн еврого бааланган. Музей каракчылыктан үч күндөн кийин кайра ачылган.