Лукашенко 25 адамга ырайым берди

Дүйнө Загрузка... 17 Сентябрь 2025 09:00
d5dc9f9f-7204-4a61-9c73-9ae302c1b75c.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.09.25. /Кабар/. Беларустун президенти Александр Лукашенко Улуттук биримдик күнүн утурлай соттолгон 25 адамга ырайым кылууну чечти. Бул тууралуу БелТА агенттиги кабарлайт.

Маалыматка караганда, 25 адамдын ичинде экстремисттик кылмыштар үчүн соттолгондор да бар.

Тийиштүү жарлыкка Лукашенко 16-сентябрда кол койгонун Беларусь лидеринин басма сөз кызматы билдирген.

Ырайым алгандардын 12си аял, 13ү эркек, 19 адам 40 жашка чыга элек. Алардын көбүнүн балдары бар, соттолгондордун бири көп балалуу эне. Мунапыс алгандардын бири кылмышты жашы жете элек кезинде жасаган.

Ырайым алгандардын бардыгы күнөөсүн мойнуна алып, кылган иштерине өкүнүшүп, мындан ары мыйзамга баш ийип жашоого убада беришкен.