Бишкек, 26.08.25. /Кабар/. Лондондун Ноттинг-Хилл районунда өткөн Кариб карнавалында эки күндүн ичинде 420дан ашык адам кармалганын РИА Новости билдирди.
Маалыматка ылайык, жекшембиде полиция 140 адамдын кармалганы тууралуу кабарлаган. Ал эми былтыр кол салуудан эки адам каза болуп, алты киши жабыркаган жана ошондой эле полиция 349 адамды кармаган.
Белгиленгендей, жыл сайын Кариб карнавалы август айынын акыркы дүйшөмбүсүндө жана ага чейинки жекшембиде Лондондун Ноттинг-Хилл районунда өткөрүлөт. Алгач карнавал ар улуттун өкүлдөрүн бириктирүү жана расалык тирешүүнү жоюу максатында уюштурулган. Бирок учурда ал криминалдык окуялар, баңгизат колдонуу, таштандынын көбөйүшү жана жергиликтүү тургундарды түйшөлткөн ызы-чуулар менен коштолуп кетүүдө.