Лондондо Пикассо, Климт, Модильянинин 270 млн долларлык шедеврлери аукционго коюлду

Дүйнө Загрузка... 16 Июнь 2026 08:55
9c314fc8-3a13-48b8-a0ea-5316cc243bec.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 16.06.26 /Кабар/. Лондондо Европадагы эң кымбат жеке көркөм коллекциялардын бири коомчулукка тааныштырылды. Бул тууралуу Казинформ кабарлайт.

Sotheby’s аукциондук үйү британиялык миллиардер, Тоттенхэм Хотспур клубунун мурдагы ээси Жо Льюистин жеке коллекциясынан алынган чыгармаларды көргөзмөгө койду. Коллекциянын жалпы баасы 270 миллион доллардан ашат.

Көргөзмөгө XX кылымдын белгилүү сүрөтчүлөрүнүн 48 эмгеги киргизилген. Алардын арасында Амедео Модильяни, Густав Климт, Пабло Пикассо, Эдгар Дега жана Лусиан Фрейд сыяктуу искусствонун залкар өкүлдөрүнүн эмгектери бар.

Аукциондун башкы лоту катары Модильянинин 1917-жылы тартылган “Nu assis au collier” картинасы көрсөтүлүүдө. Адистер анын баасы 61 миллион доллардан ашарын болжолдошууда. Бул чыгарма акыркы жолу 1995-жылы гана рынокко чыккан.

Мындан тышкары, Климттин “Гертруд Лёвдун портрети” аттуу эмгеги 27–41 миллион долларга бааланса, Деганын “Он төрт жаштагы кичинекей бийчи” скульптурасы жана Пикассонун “Аялдын бюсту” чыгармасы дагы эң баалуу лоттордун катарына кирди.

Өзгөчө көңүл Лусиан Фрейддин “Килемдин жанындагы арстандын уйкусу” аттуу картинасына бурулуп жатат. Sotheby’s аукциондук үйүнүн өкүлдөрү бул эмгекти сүрөтчүнүн рынокко чыккан эң мыкты чыгармаларынын бири деп аташты.

89 жаштагы Жо Льюистин байлыгы болжол менен 7,8 миллиард доллар деп бааланат. Ал көп жылдар бою “Тоттенхэм Хотспур” клубуна ээлик кылып, Европадагы эң ири жеке көркөм коллекциялардын бирин топтогон.

Көргөзмө Лондондогу Sotheby’s кеңсесинде 23-июнга чейин уланат жана бардык каалоочулар үчүн акысыз ачык болот.