Кыргызстанда былтыр 7423 жол кырсыгы катталып, анын айынан 514 адамдын өмүрү кыйылып, миңдеген адам жаракат алган. Бул абал 2025-жылы андан да татаалдады, тогуз айдын ичинде эле 9078 жол кырсыгы катталып, 636 адам көз жумган. Мындай жагдай жол кырсыктарына күнөөлүү айдоочуларга карата чараларды катаалдаштырууну, айдоочулук күбөлүктү сатып алуу боюнча коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу керектигин ачыктады. Бүгүнкү күндө бул багытта мамлекет тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Ага автомектептердин программаларын кайра карап чыгуудан тартып, тест тапшырууга чейинки процесстер кирет.
Бишкек шаарынын тургуну Жыргал Жусупова айдоочулук күбөлүк алууга камынууда. Анын айтымында, буга чейин эки ирет тесттен өткөн. Ал 2 ирет тең айрым суроолорго жооп берүүдө кыйынчылык жаралып, тесттен өтпөй калган.

“Мен В категориясын алуу үчүн ушул жылдын жай айларында автомектепте окудум. Мага 2,5 айда унаа айдаганды үйрөнүү жетиштүү болду. Тесттен өтүүгө жакшы эле даярдангам. Өтүлгөн программадагы суроолор камтылыптыр. Мага кыргыз тилиндеги суроолорго жооп берүүдө кыйынчылык жаралды. Анткени сөздөр кыргыз тилиндеги нукура сөздөрдөн түзүлгөндүктөн, кээ бир сөздөрдүн маанисин түшүнө албай, убактымды да коротуп алдым. Эми бир жумадан кийин кайра тесттен өтүүгө даярданып жатам. Жакшылап аракет кылып окуса айдоочулук күбөлүктү алса болот экен”, - деди ал.
Каарманыбыз жарандар канча убакыт окубасын, айдоочулук күбөлүк алуу адамдын өзүнөн да көз каранды деген ойдо. Анткени адамдын билимди кабыл алуусу, жөндөмдүүлүгү жана өздөштүрүүсү баарынан маанилүү.
“Мурда баарыбызга эле белгилүү болгондой, көпчүлүк жарандар айдоочулук күбөлүктү окубай эле сатып алышчу. Бирок, адамдын өзүнөн көп нерсе көз каранды экен. Айдоочу болом деп жаткан киши канча убакыт окуса деле үйрөнүүгө жөндөмү жок болсо, эч майнап чыкпайт деп ойлойм. Алар көп жол эрежесин бузуп, жол кырсыктарына кабыла берет”, - деп кошумчалады шаар тургуну.
Адистердин баамында, унаа кырсыктарына көбүнесе жол эрежесин сактабагандар көп кабылышууда.
Бүгүнкү күндө мамлекет айдоочулук күбөлүктү сатууга жол берген коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн чараларды көрүп жатат.

Биринчиден, өлкө боюнча бардык мектептерге жол кыймылынын эрежелери боюнча кошумча сабак кирери айтылган. Бул багытта иштерди жүргүзүү боюнча ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына жана Агартуу министрлигине тиешелүү тапшырмалар берилген.
Окуу мөөнөтүн 14 ай деп белгилөө да сунушталган. Учурда ведомстволук комиссия автомектептердин программаларынан баштап, тестирлөөгө чейинки бардык процесстердин жол-жоболорун иштеп чыгуу менен алек экендиги маалым болду.
Ошондой эле тармакта мурдатан бери болуп келген коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу, тартипти калыбына келтирүү жана кызмат көрсөтүүнү ачык, таза деңгээлге чыгаруу боюнча бардык чаралар көрүлүүдө:
- айдоочуларды окутуу тутумун реформалоо жана автомектептердин окутуу сапатын жогорулатуу;
- экзамендик суроолорду үч айда бир жаңыртуу механизминин ишке киргизилиши;
- кызмат көрсөтүүдө ачык-айкындыкты камсыздоо, мыйзамсыз көрүнүштөрдү жоюу жана коррупцияга каршы турууну күчөтүү;
- иш процесстерин санариптештирүү жана ички башкаруу системасын автоматташтыруу;
Мындан тышкары, автопарк жана автодром менен жабдылган жаңы административдик имараттардын курулушу жүрүүдө.
Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев белгилегендей, жүргүзүлүп жаткан реформалар иштин сапатын жогорулатуу, ачык-айкын система түзүү максатын көздөйт.

Дагы бир айта кетүүчү нерсе, айдоочулук күбөлүктү алмаштыруунун онлайн системасы ишке кирди. Каныбек Туманбаевдин айтымында, улуттук үлгүдөгү жаңы айдоочулук күбөлүгүн алуу үчүн эми жарандар кезек күтпөй эле онлайн, “Түндүк” тиркемеси аркылуу алса болот.
“Эми айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн экзамендер адамдардын катышуусуз эле өткөрүлөт. Айдоочулук күбөлүк көп деңгээлдүү коргоо элементтери менен камсыздалган. Эми аны сырттан өз алдынча алмаштыруу же жасалмалоо мүмкүн эмес”, - деген Туманбаев.
Бүгүнкү күндө катталып жаткан жол кырсыктарынын дээрлик 90 пайызы айдоочулардын күнөөсү менен болот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Жол кайгуул кызматы жана укук колдонуу практика башкармалыгынын юристи Байказы Айтикул уулу билдирди.
Анын айтымында, аларга унааны катуу ылдамдыкта айдагандар, карама-каршы тилкеге чыккандар, озуп өтүү, маневр жасоо эрежелерин бузгандар, мас абалында унаа айдагандар жана автоээнбаштык жасагандар кирет.

“Бүгүнкү күндө мамлекет канчалык шарт жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бергенине карабастан, адамдар коопсуздук эрежелерин сактабай келүүдө. Жол кыймылынын эрежелерин бузгандардын көпчүлүгү жаштар. Алардын эч кандай айдоочулук тажрыйбасы жок. Кырсыктарды алдын алуу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бир топ укуктук-ченемдик актыларга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизип, анын алкагында иштерди алып барууда. Мына 1-сентябрдан тартып коопсуздук курун тагынбаган жүргүнчү жана айдоочулар коосуздук камералары аркылуу аныкталып жатат. Такси кызматынын унаалары катышкан кырсыктар көп катталып жаткандыгына байланыштуу, лицензия берүү нормасы ишке киргени турат. Мопеддер катышкан унаа кырсыктары да көбөйдү. Бул максатта кошумча категорияларды киргизүү менен мопеддерди каттоого алуу каралып жатат. Ал эми самокат өңдүү жеке мобилдүү каражаттарды тартипке келтирип, жол кыймылынын эрежесине киргизүү жобосу ишке ашырылды", - деди Байказы Айтикул уулу.

Статистикалык маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 2014-жылдан 2020-жылга чейин жол кырсыгынан каза болгондордун саны 6159 адамды түзсө, 2021-жылдан бери 3800дөн ашык адам көз жумган. Ал эми жаракат алгандардын саны 2014-жылдан бери 122 миңге жетти.