Бишкек, 22.01.26. /Кабар/. Өзгөндө 2 айлык ымыркайга хижама жасаткандан кийин чарчап калды. “Кабар” агенттигине Өзгөн жалпы дарылердик-практикалык борборунун директору Бермет Масадыкова билдиргендей, аталган оорукананын жандандыруу бөлүмүнө Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн Ак-Жар айылынан 2 айлык ымыркай өтө оор абалда келип түшкөн. Дарыгердин айтымында, бала кан көп кеткенден улам каза болгон.
“Баланы ата-энеси эмчи-домчуга алып барып, денесинин артын тилдиришкен. Ооруканага бала өтө оор абалда түшкөн. Гемоглобини 45ке түшүп кеткен. Кан өтө көп кетип калган. Ата-энесинин шалаакылыгынан улам, түндө ооруканага түшкөн наристе эртең менен каза болуп калды. Биз жардам көрсөтө албадык. Себеби, абалы өтө оор эле. Бул окуя боюнча милицияга билдирүү бердик”, - деди ал.
Бизге Ош облустук милициясынын басма сөз кызматынын тескөөчүсү Таалайбек Байтиков маалымдагандай, учурда бул факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталды.
Ал белгилегендей, ымыркайдын өлүмүнө тиешеси барларга чогултулган материалдардын жана экспертизанын жыйынтыгына жараша мыйзам чегинде юридикалык баа берилет.
“21-январь күнү аймактык ооруканадан 2025-жылы туулган ымыркай кан аздыгынан улам каза болуп калгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Анын жүрүшүндө күбөлөр суралып, каза болгон ымыркайдын өлүмүнүн так себебин аныктоо максатында тийиштүү экспертизалар дайындалды. Чогултулган материалдар жана экспертизанын жыйынтыгына жараша мыйзам чегинде юридикалык баа берилет”, - дейт ал.