Ошто иске ууланып, үч бала каза тапты

Кырсык Загрузка... 15 Декабрь 2025 15:30
img_2584.jpeg
copyright icon Ош ОИИБ

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 15.12.25. /Кабар/. Ошто иске ууланып, 3 бала каза тапты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-декабрда Баш-Булак айыл аймагынын 27 жаштагы Т.С. жана 8 жаштагы Б.Н. аттуу тургундары ууланып ооруканага түшкөн.

Ал эми 6, 3 жана 1 жаштагы жаш балдар иске ууланып каза болгон. Алар Ош облустук ооруканага көз жумгандан кийин алып келингендиги тастыкталган.

Бул факты Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Милиция учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланып жатканын айтты.