Бишкек, 08.09.26. /Кабар/. Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада мамлекеттик ишмер Муратбек Азымбакиевдин “Дубалдар эмес, көпүрөлөр: дипломаттын эскерүүлөрү. Татаал нерселер жөнүндө чындык" аттуу китебинин бет ачары өтүүдө.
Иш-чарага белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, дипломатиялык корпустун, эксперттик жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү, автордун кесиптештери, достору жана окурмандар катышууда.
Бет ачар аземде катышуучулар автордун көп жылдык кесиптик жолу тууралуу ойлору менен бөлүштү.
Муратбек Азымбакиев өз сөзүндө китептин жаралуу идеясы, анын башкы ойлору жана отуз жылдан ашуун дипломатиялык жана мамлекеттик кызматтан кийин башынан өткөргөн тажрыйбасына жеке тарых катары гана эмес, эгемендүү Кыргызстандын калыптануу тарыхынын бир бөлүгү катары кайрылуу эмне үчүн маанилүү болгондугу тууралуу айтып берди.
“Дубалдар эмес, көпүрөлөр: дипломаттын эскерүүлөрү. Татаал нерселер жөнүндө чындык” китеби — кыргыз тоолорунун этегиндеги айылдык мектептен эл аралык дипломатиянын жана мамлекеттик кызматтын эң жогорку баскычтарына чейин жол басып, ошол эле учурда өз өлкөсүнө жана өз принциптерине берилген бойдон калган адамдын жашоосу жана кесиптик жолу тууралуу мемуардык-документалдык баян.
Отуз жылдан ашуун убакыт бою автор Кыргызстанды эл аралык аренада өкүлчүлүк кылып, татаал сүйлөшүүлөргө катышып, Бириккен Улуттар Уюмунун системасында, Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунда, Дүйнөлүк соода уюмунда, Эл аралык автомобиль транспорту союзунда, Шанхай кызматташтык уюмунда жана президенттин администрациясында иштеген.
Бирок китеп кызмат орундарынын, дайындоолордун жана карьералык жетишкендиктердин хроникасына айланган жок. Расмий документтердин, эл аралык келишимдердин жана дипломатиялык протоколдордун артында татаал чечимдердин, кесиптик сыноолордун жана адамдык мамилелердин тарыхы ачылып берилет. Баяндын өзөгүндө тандоо жана жоопкерчилик, сөздүн баасы жана ишендирүүнүн күчү, кесиптик чынчылдык жана ишеним, ошондой эле мамлекеттик кызматчынын кандай гана жагдай болбосун кимдин кызыкчылыгын коргоп жатканын унутпоого тийиш экендиги тууралуу маселелер турат.
Китептин башынан аягына чейин уланып келген негизги темалардын бири — чакан мамлекеттин азыркы дүйнөдөгү орду. Автор өлкөнүн аймагы, калкынын саны же экономикалык мүмкүнчүлүктөрү өзүнөн-өзү анын эл аралык маанисин аныктабайт деген ишенимге таянат. Мамлекеттик башкаруунун сапаты, интеллектуалдык потенциал, дипломатиянын кесипкөйлүгү, тышкы саясаттын ырааттуулугу жана мамлекеттин өнөктөштөрү менен болгон мамилелеринде калыптандыра алган ишеними да андан кем эмес мааниге ээ. Бул ой китепте "Ар бир өлкөнүн өзүнүн өлчөмү бар. Бирок өлкөнүн маанисинин өлчөмү болбойт", - деп айтылат.
Япония, Швейцария, Кытай, Индия, Америка Кошмо Штаттарынын жана башка мамлекеттердин тажрыйбасы тууралуу ой жүгүртүү менен Муратбек Азымбакиев ийгиликтүү өнүгүү башка өлкөлөрдүн моделдерин механикалык түрдө көчүрүүдөн эмес, мыктылардан үйрөнө билүүдөн, дүйнөлүк тажрыйбаны терең аңдап-түшүнүүдөн жана ошол эле учурда өзүнүн улуттук өзгөчөлүгүн сактап калуудан башталарын көрсөтөт.
Китептин аталышы анын башкы философиясын чагылдырат. Автордун түшүнүгүндө дипломатия — бул сүйлөшүүлөр, документтер жана протокол гана эмес, баарынан мурда кызыкчылыктар менен позициялар айырмаланган жерде өз ара түшүнүшүүнүн жолун издей билүү жөндөмү.
Белгилей кетсек, бет ачарда сүрөт экспозициясы аркылуу конокторго автордун жашоосу жана кесиптик жолунун ар кандай этаптары менен таанышууга мүмкүнчүлүк берилди.