Касым Тыныстановдун "Мен баскан жол" аттуу чыгармалар жыйнагы жарык көрдү

Коом 22 сентябрь 2026 14:40
Gemini_Generated_Image_a7z3l3a7z3l3a7z3.jpg
WhatsApp Image 2026-09-22 at 13.10.26.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-22 at 13.13.27.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-22 at 13.12.38.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-22 at 13.11.08.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-22 at 13.10.12 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-22 at 13.10.12 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-22 at 13.10.12.jpeg
Алдыга
Артка
Gemini_Generated_Image_a7z3l3a7z3l3a7z3.jpg
WhatsApp Image 2026-09-22 at 13.10.26.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-22 at 13.13.27.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-22 at 13.12.38.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-22 at 13.11.08.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-22 at 13.10.12 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-22 at 13.10.12 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-22 at 13.10.12.jpeg
Алдыга
Артка

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 37 жылдыгына карата Улуттук тарых музейинде “Улут тиреги - тил” аттуу иш-чара өттү.

Саамалык Улуттук илимдер академиясынын Б. Юнусалиев атындагы Тил илими институту тарабынан уюштурулду.

Анын алкагында туңгуч агартуучу Ишеналы Арабаев, профессор Касым Тыныстанов, академик Болот Юнусалиев, лексикограф Кусейин Карасаев, академик Бүбүйна Орузбаева жана академик Сыртбай Мусаев сыяктуу кыргыз тил илиминин көрүнүктүү өкүлдөрүнө арналган “Кыргыз тилчилери: кечээ, бүгүн, эртең...” аталышындагы туруктуу экспозиция ачылды.

Негизги максат кыргыз тил илиминин өнүгүшүнө салым кошкон окумуштуулардын өмүр жолун, илимий мурасын жана эмгегин кеңири таанытуу, тил илиминдеги улантуучулук салтты көрсөтүү, жаш муундун кыргыз тилине болгон кызыгуусун, сый-урматын күчөтүү болуп саналат.

“Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов, Кусейин Карасаевдер кыргыз мамлекетин түптөгөн кишилер катары бааланат. Ал эми Болот Юсунасилев, Бүбүйна Орузбаева алардын ишин улантуучулар. Баарынын башында, деги эле кыргыз интеллигенциясынын башында Ишеналы Арабаев турат. Ал баарынан мурда сыртка чыгып, бөлөк өлкөлөрдү көрүп келип кыргыз мамлекеттин түзөлү деген идеяны киргизген. 1922-жылы түзөлү деп аракет кылышканда тоскоолдуктардын кесепетинен ишке ашпай калган. 1924-жылы Арабаевдин күчү, Жусуп Абдрахмановдун Сталинге жазган катынын күчү менен Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөн”, - деди академик Сыртпай Мусаев.

Бул кыргыз тилинин калыптанышын жана аны изилдеген көрүнүктүү тилчи окумуштуулардын эмгегин чагылдырган өзгөчө экспозиция болуп калды. Тарых музейинин Эгемендүү Кыргызстан бөлүмүнүн башчысы Назгүл Белекованын айтымында, учурда кызматкерлер ушул сымал маанилүү маалыматтарды кеңири тартуулаган экспозицияларды ачуу үстүндө иштеп жатышат.

"Бул экспозицияга Совет доорунан мурдагы жана андан кийинки учурдагы тил илимин изилдеген тилчилер, кыргыз лексикологиясын, морфологиясын, фонетикасын изилдеген тилчилер кирди. Көргөзмө үчун материал топтоого Улуттук илимдер академиясы, Тил илими институту көмөк көрсөтүштү. Өзүбүздүн музей фондубуздан, жетпегендерин башка музейлерден топтодук. Көргөзмө келечекте кыргыз тарыхын, кыргыздын заманбап тарыхын дагы да тереңдетип билүүгө багытталган, анын ичинен кыргыз тилинин өнүгүшүн камтыган чоң экспозиция болот деп ойлойм”, -деди Назгүл Белекова.

Андан соң филология илимдеринин кандидаты, Тыныстанов таануучу жана журналист Сымбат Максүтова тарабынан түзүлгөн тилчи-окумуштуу Касым Тыныстановдун “Мен баскан жол...” аттуу чыгармалар жыйнагынын таанытымы болду. Бул китепке анын ырлары, публикациялары, котормо ырлары, драмалары, “Жаңыл Мырза” поэмасы, каттары, тил менен Манаска арналган докладдары кирди. Орус тилиндеги докладдарын китептин автору Сымбат Максүтова өзү кыргызчалап чыккан.

“Китептин темасын атайын ушундай тандап алдым. Ал Касым Тыныстановдун “Мен баскан жол, менин чыгармам, менин бетим” автобиографиялык макаласынын баш сөзүнөн алынган. Анын баскан жолу кыска болгон. Кыска өмүрүндө өтө көп, күнү-түнү иштеген. Үч-төрт саат эле уктаган болуш керек деп ойлойм. Тыныстанов жыйырма жашынан отуз жашка чейин чыгармачылык менен алектенип, андан соң белгилүү себептерге байланыштуу илимге, коомдук жана мамлекеттик иштерге өткөн. Мен 3-4 жыл бою Тыныстановдун чыгармаларынын баарын топтоп, системалаштырдым. Кайсы чыгармасы керек болсо баарын ушул китептен тапсаңар болот. Бул кыргыз адабиятына кошулган чоң салым жана жаш акын жазуучулардын үчун табылгыс кенч, жакшы толуктоо”, - деди Сымбат Максүтова.

Ошондой эле Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 37 жылдыгына карата уюштурулган “Улут тиреги - тил” иш-чарасы илим, билим, маданият өкүлдөрү, окумуштуулар жана студенттер үчүн пикирлери менен бөлүшүү үчүн аянт болуп берди.