Өлкөнүн футбол тармагындагы жыл мыктылары аныкталды

Спорт Загрузка... 22 Декабрь 2025 12:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кыргыз футбол биримдиги

Бишкек, 22.12.25 /Кабар/. 19-декабрда Бишкекте KFU Football Awards 2025 аземи өтүп, анда Кыргызстандын футбол тармагындагы жыл мыктылары аныкталды.

Иш-чарага Кыргызстандын футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев жана футбол коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

Салтанатта төмөнкү номинациялар боюнча мыкты оюнчулар аныкталды:

  • “Кыргызстандын 2025-жылынын мыкты футболчусу” - Эржан Токотаев, 170 миң сом;
  • “2025-жылдын мыкты футзал оюнчусу” - Шохрух Махмадаминов, 90 миң сом;
  • “2025-жылдын мыкты аял футболчусу” - Нагима Туралиева, 90 миң сом;
  • “2025-жылдын мыкты жаш футболчусу” - Кими Мерк, 90 миң сом;
  • “2025-жылдын мыкты футбол машыктыруучусу” - Эдмар Ласерда, 170 миң сом;
  • “2025-жылдын мыкты футзал машыктыруучусу” - Луис Бернат Молина, 70 миң сом;
  • “2025-жылдын мыкты аялдар футболунун машыктыруучусу” - Антонио Меса, 70 миң сом;
  • “2025-жылдын мыкты футбол калысы” - Эрланбек Осмонов, 50 миң сом;
  • “2025-жылдын мыкты футзал калысы” - Нурбек Арстанбек уулу, 50 миң сом;
  • “2025-жылдын мыкты футбол клубу»” – “Барс” футбол клубу, 50 миң сом;
  • “2025-жылдын мыкты аймактык уюму” - Чүй облусунун футбол ассоциациясы, 50 миң сом;
  • “2025-жылдын мыкты спорттук уюму” - “Мурас” окуу-машыктыруу базасы, 50 миң сом.

Президент Садыр Жапаровдун “Кыргыз Республикасында 2025-2034-жылдарга футболду өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык айрым номинациялар боюнча бир миллион сомдон атайын сыйлыктар ыйгарылды.