Өлкөгө түз чет элдик инвестициялардын агымы 26,2%га өстү – минкаб

Экономика 7 октябрь 2026 12:10
Өлкөгө түз чет элдик инвестициялардын агымы 26,2%га өстү – минкаб

Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешме өткөрдү.

Жыйында минкаб башчысы Кыргыз Республикасына түз чет элдик инвестициялардын агымы быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгында 709,9 млн АКШ долларын түзүп, 2025-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 26,2%га өскөнүн белгиледи.

"Инвестициялар иштетүү өнөр жайында 21,3%га, пайдалуу кендерди казууда 7,1%га, дүң жана чекене соодада 57,6%га, финансылык ортомчулук жана камсыздандырууда 5,9%га, кесиптик, илимий жана техникалык ишмердикте 17,7%га, маалымат жана байланышта 19,5%га өскөн", - деди Касымалиев.