Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 2014 айыл бар. Алардын айрымдарында таза суу маселеси чечилсе, кээ биринде суу объекттерин куруу иштери жүрүүдө. Дагы алдыда таза суу көйгөйүн чечүү максатында бир катар пландар коюлган. “Кабар” агенттиги бул ирет элеттиктерди таза суу менен камсыздоо иштери тууралуу Суу ресурстар кызматынын “Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу” мамлекеттик мекемесинин директору Азамат Шатманов менен маектешти.
- Учурда республика боюнча канча айылды таза суу менен камсыздоо маселеси турат?
- Жыл башындагы маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2014 айылдын ичинен 796 айыл таза суу менен камсыз болгон. 258 айылда суу объекттерин куруу иштери жүрүп жаткан. 960 айыл таза сууга муктаж болчу. 2025-жылдын башында Элдик курултайдын делегаттарынын жана жер-жерлерден келип түшкөн демилгелери, ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасы менен бир катар айылдар республикалык тиземеге кирди. Ошол эле маалда жаңы долбоорлор да башталды. Эми учурдагы маалыматтар боюнча айта кетсем, 2014 айылдын ичинен эл аралык долбоорлор боюнча иштер жасалып жаткан айылдардын саны – 228 айыл, мындан 100 айыл таза суу менен камсыздалып, суу объекттери пайдаланууга берилди. 67 айылда курулуш иштери активдүү жүрүп жатат, 61 айылда долбоордук-сметалык документтер даярдалууда.

Республикалык бюджеттин эсебинен 330 айыл таза суу менен камсыздоо үчүн тизмеге киргизилген. Ушу тапта алардын 20сында курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жатат, 73 айылда долбоордук-сметалык документтер ар кандай этаптарда даярдалууда. Ал эми 237 айылга бүгүнкү күндө мамлекеттик сатып алуулар үчүн документтер топтолууда. Жыл аягына чейин канча айыл документтерди даярдап, бизге алып келсе, курулуштардын тизмесине киргизип беребиз. Буга чейин мынчалык санда айылдар суу менен камсыздоо үчүн тизмеге кирген эмес.

- Жалпысынан таза суу маселесин толугу менен чечүү милдети кайсы жылга коюлду?
- 2030-жылга чейин биз өлкө боюнча таза суу маселесин чечип бүтүрүшүбүз керек. Мындан улам биз акча каражаттарын таап, долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу менен алекпиз. Учурда 318 айылга каржы булактарын таптык. Мисалы, 126 айылга Дүйнөлүк банк жана башка банктар менен биргеликте 200 млн доллар бөлүү маселеси боюнча бардык иштер жыйынтыкталып, акыркы бир банктын ратификациясы калды. Ошондон өтсөк эле курулуш иштерине киришебиз. Долбоордук-сметалык документтерди тузүүгө 4 млн грант дагы берилген. Муну менен Ош, Чүй, Ысык-Көл облустарынын айылдары таза суу менен камсыздалат.
Мындан тышкары, Ислам өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкына эки долбоорубузду бергенбиз. Сүйлөшүүлөр өтүп, алар макулдугун айтышты. Ислам өнүктүрүү банкы 1 млн доллар бөлүп, 80 айылдын долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып баштады. Азия өнүктүрүү банкы да 1 млн доллар берип, 80 айылда ушундай иштер жасалууда. Бул 160 айыл Жалал-Абад облусуна карайт. Суу менен камсыз болбогон эң көп айыл ушул облуста жайгашкандыктан, эки чоң долбоор багытталды.

Евразиялык стабилдештирүү жана өнүктүрүү долбоору боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Ош облусунун калк жыш отурукташкан Өзгөн жана Кара-Суу райондорундагы 32 айылды камтыган долбоорду Жогорку Кеңеш аркылуу улантып, эмки жылы иштерди баштаганга жетишебиз деп ойлоп жатабыз. Бардыгын кошуп келгенде, жалпы 318 айылда 2026-жылы долбоорлор аткарылса, 2030-жылга чейин курулуш иштери аяктап калат деп мерчемделүүдө. Жогоруда айткан 228 айылды, курулуш иштери жүрүп жаткан 330 айылды, буга чейин курулуштары жыйынтыкталган 796 айылды жана сүйлөшүүлөр аяктаган 318 айылды 2014 айылдан кемиткенде болжол менен 342 айыл дагы калып жатат. Бул айылдарда таптакыр суу жок деп айта албайбыз. Кээ бирлеринде суу объекттери 60-90-жылдары курулган, борбордук таза суу системасы жок, мындан улам баари бир аларда реабилитация иштерин жасоо талап кылынат. Учурда бул багытта да иштер жүрүүдө.
- Таза суу боюнча жаңы мыйзам долбоору иштелип чыккан эле, документтин өзгөчөлүгү эмнеде?
- Ичүүчү таза сууга байланышкан мыйзам долбоору учурда коомдук талкуудан өттү. Парламентке эми 1-окууга киргизилет. Акыркы мыйзам 1999-жылы күчүнө кирген. Ошондон бери алмашылган эмес. Бир гана таза суу каралып, саркынды суу маселеси кирбей калган. Ошондой эле тариф маселеси да жок болчу. Жаңы документке биз буларды камтып, киргиздик.