Бишкек, 31.07.26 /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы алдыдагы күндөргө карата аба ырайынын божомолун жарыялады. Маалыматка ылайык, өлкө аймагында абанын температурасы өзгөрүлүп, күндүн ысышы менен салкын аба ырайы алмашып турушу күтүлөт.
Чүй жана Талас облустары
31-июлда, 1-2-августта жана 3-августка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. 3-августта күндүз тоолуу аймактарда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Өрөөндөрдө жана дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 4-августтан 6-августка чейин айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Айрым түндөрү жаан-чачын болбойт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары
31-июлда, 1-2-августта жана 3-августка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. 3-августта күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Дыйканчылык аймактарда жана өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. 4-августта айрым аймактарда түнкүсүн жана күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 5-августта түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
6-августта тоо этектеринде жана тоолуу райондордо түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал.

Ысык-Көл жана Нарын облустары
31-июлда, 1-2-августтарда жана 3-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 3-августта күндүз жана 4-августта айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. 5-августта түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 6-августта айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.