Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. Статистикалык маалыматтарга ылайык, өлкөдө жылдан-жылга айдоочулук күбөлүккө тапшыргандардын саны азаюууда. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде министрлер кабинетине караштуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин айдоочуларды каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Бактыбек Жунусов билдирди.
Анын айтымында, президент Садыр Жапаров кызматка келген күндөн тарта айдоочулук күбөлүк алуудагы ачык-айкындуулукту чагылдыруу талабын койгон. Өлкө башчынын тапшырмасын аткаруунун аркасында айдоочулук күбөлүк алгандардын саны азайып келе жатат.
“Бул албетте, коррупциялык элементи жок, ар бир жаран өзүнүн билимине жараша тапшырышына койгон талаптардын негизинде болуп жатат”,-деди ал.