Өлкөдө жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу күчөтүлүүдө

Загрузка... 05 Сентябрь 2025 21:52
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 05.09.25. /Кабар/. Бишкекте Саламаттык сактоо министрлигинин, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун, академик Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун жана Республикалык саламаттыкты чыңдоо борборунун колдоосу менен Кыргызстандын Айымдар кеңештери биргелешип уюштурган иш-чара болуп өттү.

Демилгенин негизги максаты — калктын саламаттыгын чыңдоонун маанилүүлүгүн жогорулатуу болду. Кан басымынын жогорулашы жана кандагы шекердин деңгээлинин жогорулашы баш болгон эң кеңири таралган инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу жана аларды көзөмөлдөө чараларына өзгөчө көңүл бөлүндү.

Адистердин маалыматы боюнча, Кыргызстандагы ар бир үчүнчү үй-бүлө жүрөк-кан тамыр оорулары же кант диабети менен байланышкан көйгөйлөргө туш болот. Ооруну өз убагында аныктоо, алдын алууга байланышкан текшерүүлөр жана ден-соолукту чыңдоого багытталган жашоо образы - тобокелдерди азайтуу жана калктын саламаттыгын сактоо үчүн негизги кадамдар болуп эсептелет.

Жана ошондой эле бул процесстерде айымдардын ролу чоң. Кыргызстандын Айымдар кеңештери калк арасында туура тамактануу, физикалык активдүүлүк жана зыяндуу адаттардан баш тартуу боюнча маалыматтык иштерди активдүү жүргүзүп келет. Мындан сырткары, айымдар тамеки, спирт жана шекер кошулган суусундуктарды чектөө саясатын жайылтууда күчтүү демилгечи боло алышат.

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев белгилегендей, Айылдык ден соолук комитеттери (АДК) 20 жыл мурун Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен түзүлгөн жана ал бул арада өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү. Бул КМШ өлкөлөрү үчүн уникалдуу тажрыйба болуп саналат жана бүгүн аны өнүктүрүүнү улантуубуз зарыл. Министрлик активдүү айымдарды жана алдын алуу иштерине катышкан жигердүү адамдарды колдоону улантат.

“Учурда биз АДКнын ишин системалуу колдоо жана айылдар менен мектептерде “ден соолук кабинеттерин” көбөйтүү үчүн социалдык келишимдер механизмин иштеп чыгып жатабыз. Калкка маалымат канчалык жеткиликтүү болсо, улуттун саламаттыгы ошончолук чың болот. Президент өлкөнүн саламаттык сактоо инфраструктурасын өнүктүрүүнүн жана колдоонун маанилүүлүгүн ар дайым белгип келет, ошондой эле оорулардын алдын алууну күчөтүүнү да маанилүү деп эсептейт. 2025-жылы коомдун саламаттыгын чыңдоого болжол менен 900 млн сом бөлүндү, келерки жылы каржылоону көбөйтүп, бир бөлүгүн АДК үчүн социалдык келишимдерге багыттоону пландап жатабыз”,-деди ал.

ДССУнун жана Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү ден-соолукту чыңдоо жана алдын алуу иш-чаралары көп өлкөлөрдө натыйжалуу экенин жана Кыргызстанда оорулардын деңгээлин жана эрте каза болууну азайта аларын белгилешти.

Иш-чаранын уюштуруучулары мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар жана жарандык коом институттарынын күчтөрүн бириктирүү - келечек муундун саламаттыгына туруктуу платформа болуп берерине ишенээрин белгилешти.