Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Ысык-Көлдү жана ичүүчү сууларды тазалоо менен алектенбестен, мониторинг гана жүргүзүүдө деген пикирин Жогорку Кенештин депутаты Гуля Кожокулова Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.
Ал өз сөзүндө аталган министрлик “Жалын” балдар лагерин өз балансына алып алганын айтып, башкы прокурор Максат Асаналиевден бул боюнча мыйзам чегинде чара көрүүнү суранды. Мындан тышкары, Кожокулова жаратылышты коргоо прокуратурасын жандандырууну сунуштады.
Өз кезегинде башкы прокурор бул уюм белгилүү бир себептерден улам жоюлуп кеткенин, бирок кайра түзүү маселеси каралып жатканын маалымдады.
“Жакында эле өлкө президенти менен сүйлөшүү болду. Ал жаратылышты коргоо прокуратурасын кайра калыбына келтирүү боюнча менин демилгемди колдоп, бул багытта 30 штаттык бирдик бөлүп берди”, — деди ал.
Асаналиев бул орган жер казынасын, сууну пайдалануу, калдык сактоочу жайлар жана жаратылыштын абалы сыяктуу төрт багыт, ошондой эле өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары боюнча иш алып барарын белгиледи.