Кыргызстандын аба ырайында узакка созулган кургакчылык байкалууда. Бул суу запастарынын азайышына жана айыл чарбага олуттуу таасир этери маалым. Экологдор глобалдык жылуулук анын кесепеттерин күчөтүп жатканын эскертүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кыргызгидромет кызматы декабрь айында күтүлгөн аба ырайы менен бөлүштү.
Аталган кызматтын Метеорологиялык болжолдоолор бөлүмүнүн башчысы Айзада Абдывалиеванын “Кабар” агенттигине берген маалыматына ылайык, декабрь айындагы абанын орточо температурасы жана жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.
Ал белгилегендей, Чүй өрөөнүндөгү аба ырайы климаттык норманын чегинде болот.
“Декабрь ичи абанын температурасы түнкүсүн күндүз +2°…+3° градустан +8…13° градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу ыктымал. Ошондой эле кээ бир күндөрү -4…-9° градус суукка чейин төмөндөшү мүмкүн.

-7…-12° сууктан 0…5º жылуулукка чейин, кээ бир түндөрү -13…-18° суукка чейин, ал эми өрөөндүн түндүгүндө -16…-21° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн.
Ошондой эле жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болуп, 33-38 мм, ал эми тоо этектеринде 17-30 мм тегереги деп болжолдонууда” ,-деди бөлүм башчы.
Ал эми Бишкек шаарында ноябрь айынын аягы жана декабрь айынын баштапкы күндөрү төмөндөгүдөй:
29-ноябрь:
түнкүсүн 0...-2 °С, күндүз +14...+16 °С
30-ноябрь:
түнкүсүн -1...-3 °С, күндүз +12... +14 °С
1-декабрь:
түнкүсүн 1-... -3°С, күндүз +10...+12°С
2-декабрь:
түнкүсүн -1... -3°С, күндүз +10...+12°С
3-декабрь:
түнкүсүн -1... -3°С, күндүз +11...+13°С
4-декабрь:
түнкүсүн 0...-2°С, күндүз +12...+14°С

Негизинен ноябрь ичи Кыргызстанда жогорудагыдай жылуу аба ырайы менен коштолду. Мунун себептерин экологдор менен климатологдор глобалдык жылуулукка байланыштырууда. Анын кесепети Борбор Азия, Африка, Европа жана башка аймактарга да бирдей тийүүдө. Буга жаан-чачын жаабай, суунун запастары түгөнүп жаткандыгына байланыштуу Ирандын борбору Тегеранды башка аймакка көчүрүү чарасы кирет. Андан сырткары, Түркмөнстанда Мамметкөл жана Делили суу сактагычтары катуу кургакчылыктын улам соолуп калышы да буга мисал.
Бишкек мамлекеттик университетинин Экология жана менеджмент факультетинин деканы, география илимдеринин кандидаты Элегия Бокоева климаттын узак убакыт бою жаан-чачын жаабай, кургакчылыктын өкүм сүрүүсү – климаттын глобалдык деңгээлде өзгөрүүсүн дагы бир жолу тастыктап жатканын белгилейт. Ошондуктан, ал климатты туруктуу кармап туруу үчүн комплексттүү иш-аракеттерди жүргүзүү зарыл деп эсептейт.

“Климаттын глобалдык деңгээлде өзгөрүүсү тоолуу аймактарга өтө чоң таасирин тийгизүүдө. Себеби, бул аймактар өтө сезгич экосистемага кирет. Акыркы жылдардагы узакка созулган кургакчылык, мөңгүлөрдүн аянтынын азайышы байкалып жатат.
Ошондой эле биздин өлкөдө экономиканын өзөгүн айыл чарбасы түзгөндүктөн, сугат иштерин, айдоо-себүүнү климаттын өзгөрүүсүнө жараша жүргүзүү сунушталат.
Тилекке каршы, гидрологиялык режимдин өзгөрүүсүнүн негизинде айыл чарбасында өскөн өсүмдүктөрдүн продуктивдүүлүгү начарлап, жакшы түшүм ала албай калган учурлар көп катталууда. Ошондуктан, биз жашообузга жашыл экономиканы жана анын негизги принциптерин киргизишибиз керек. Кандай гана тармак болбосун климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуубуз зарыл”,-деди ал.

Эколог климатты туруктуу кармап туруунун башка дагы жолдорун сунуштады.
“Биринчи орунда бак-дарак, жашыл өсүмдүк, токойлорду көбөйтүү жакшы натыйжа берет. Экинчиден, транспорттун көптүгүнөн, калктуу конуштардагы үйдү отун аркылуу жылытуу, парниктик газдар аркылуу да атмосфера булганып жатат.
Суунун айлануу циклине көңүл бөлүп, аны сарамжалдуу пайдаланууга өткөнүбүз жакшы. Айыл чарбасында тамчылатып сугаруу, сууну экинчи жолу иштетүү, электр энергиясын күндөн, шамалдан ж.б. булактардан алуу буга мисал. Таза суу маселеси да орчундуу маселе бойдон калууда”,-деп кошумчалады.