Бишкек, 18.11.25. /Кабар/. Кыргызстанда биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана тоо экосистемаларын коргоо чараларын күчөтүү боюнча иштер улантылууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биоресурстар башкармалыгынын башчысы Кумар Мамбеталиев билдирди.
Анын айтымында, флора менен фаунаны сактоо маселеси өзгөчө көңүл бурууну талап кылат, анткени эл аралык уюмдардын баалоосу боюнча, дүйнөдө көптөгөн түрлөрдүн жоголуп кетүү коркунучу бар. Аянты кичинекей болгонуна карабастан, Кыргызстан кайталангыс биологиялык ар түрдүүлүккө ээ. Өлкө аймагында дүйнөлүк фаунанын болжол менен 2 пайыз жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн 3 пайыздан ашыгы кездешет.
"Бул өтө чоң жоопкерчилик, анткени флора жана фаунанын жогорку концентрациясы дал биздин аймакка туура келет", — деди Мамбеталиев.

Ал тоо экосистемасы климаттын өзгөрүшүнө өзгөчө аялуу келерин жана биринчи кезекте тоолор жабыркай турганын белгиледи. Буга байланыштуу мамлекет стратегиялык документтерди иштеп чыгууда — Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча 2040-жылга чейинки Улуттук программанын долбоору жана 2030-жылга чейинки иш-аракеттер планы сунушталды.
"Биринчи кезекте экономикалык ишмердүүлүк айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизбестен жүргүзүлүшү үчүн экологиялык базаны түзүүгө умтулабыз", - деди ал.
Кабыл алынган чаралардын арасында ченемдик-укуктук базаны жаңылоо бар. Аңчылык жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, ошондой эле ак илбирс, күрөң аюу, аркар, бугу жана марал сыяктуу сейрек кездешүүчү жаныбарларга келтирилген зыян үчүн доонун өлчөмү көбөйтүлдү.
Мындан тышкары, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын аянтын кеңейтүү демилгеленди. Учурда алардын аянты республиканын аймагынын 10 пайыздан ашыгын түзөт. Буга кошумча мөңгү аймактары өзгөчө корголуучу аймак статусун ала турган мыйзам долбоору даярдалды.
Мамбеталиев биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо иши уланарын жана өлкөнүн жаратылыш ресурстарын туруктуу өнүктүрүүгө жана коргоого багытталган көптөгөн иш-чараларды камтый турганын баса белгиледи.