Бишкек, 27.02.25. /Кабар/. Өлкөдө Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын утурлай архивдер аралык виртуалдык көргөзмөлөр уюштурулат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Борбордук мамлекеттик коомдук-саясий документтер архивинин документтерди пайдалануу жана жарыялоо бөлүмүнүн башчысы Нургул Байсалова билдирди.
Анын айтымында, ушул тапта республикада тарыхый архивден үчөө бар. Алар: борбордук, коомдук-саясий документтер жана фоно хроникалык документтер архиви. Учурда аталган архивдердин өкүлдөрү биргеликте атайын тиешелүү документтерди чогултуп, көргөзмөгө даярданышууда.
“Эмне себептен виртуалдык көргөзмө деген суроо жаралышы мүмкүн. Азыр көпчүлүк адамдардын бир жерге барып, бир нерсе көрүүгө убактысы жок. Ошол себептен интернеттен ачык булактардан көрсүн, маалымат алсын деп виртуалдык көргөзмө уюштуруп жатабыз.
Кыргызстан фашизмге каршы күрөшкө жана Улуу Жеңишке жетишүүгө чоң салым кошту. Аталарыбыз менен чоң аталарыбыздын, фронттогу жоокерлердин бийик патриоттук духу, тыл эмгекчилеринин эрдиги чоң күчкө айланды. Эрдиги жана баатырдыгы кылымдан кылымга, муундан-муунга өткөн үлгү болуп кала бере турган адамдардын жашоо шартын жакшыртуу үчүн колдон келгендин баарын кылышыбыз керек. Биз ошол каардуу согуштун ветерандарынын жана тыл эмгекчилеринин эрдиктерин эстен чыгарбашыбыз керек”,-деди ал.
Ал белгилегендей, көргөзмөдөн тышкары датага карата өткөрүлө турган салтанаттуу жана майрамдык иш-чараларды, илимий-билим берүү конференцияларын өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы да бекитилди.