Бишкек, 29.07.26. /Кабар/. Бүгүнкү күндө өлкөдө абанын сапатын жакшыртуу боюнча жалпы наркы 60 млн АКШ долларын түзгөн долбоорлор ишке ашырылууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгын караган коллегиялык жыйынында айтылды.
Маалыматка ылайык, таштанды полигондорунун саны 411ден 290го чейин кыскартылган.
Ошондой эле утилдештирүү жыйымынан 159 млн 293,8 миң сом чогултулган. Мындан тышкары, калдыктарды кайра иштетүүчү 107 ишкана катталганы белгиленди.